Бабанов парламенттик шайлоого август айында аттанабы?

Бийликчил, капчыгы калың партияларга маалыматтык чабуул уланууда. Күзгө чейин саясый топтор бири-бирин каралай беришип, элдин да көңүлүн калтырышат. Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңештеги депутаттардын 95 пайызын коомчулук көргүсү деле келген жок. Аттарын атабасак деле көпчүлүгү жек көрүндү болуп бүтүшкөн...
Ошентип, күз алды саясый очок кайнап, эл дуулдап турганда, маселен, август айында Өмүрбек Бабанов “жарк” эте шайлоого аттанса кандай болот? Азырынча ага карата соттук процесстер деле баштала элек. Күзгө чейин соттолуп деле кетпесе керек. “Саясаттан кеттим” деп убактылуу тыныгуу жарыялап, көздөн далдоо турат го. Бакиев режиминде, Атамбаев доорунда да Бабанов саясаттан кеткен, бирок, өлкөдө кырдаал өзгөргөндө дароо камчыланып чыга калмайы бар. Ал тажрыйбага бай, капчыгы калың, уюштургуч жагынан да кыйын. Элдин астында дагы рейтинги жогору. Айталы, жай айларынын соңунда Бабанов ат тизгинин шарт буруп, кайрадан саясатка киришип, шайлоого аттанса көпчүлүк катмарды чукул арада өзүнө буруп кетет. Кордук көрүп келген адамдын образында эле баарын түшүндүрүп коет...
Aryba.kg