Акыркы кабарлар
» Саясат » “Октябрчы баатырлар” үмүт жарата алышкан жок
“Октябрчы баатырлар” үмүт жарата алышкан жок
10-январь, 21:01
1 159 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Төңкөрүштөн кийин бийликке келишкен Талант Мамытов, Артем Новиков, Равшан Сабиров, Максат Мамытканов, Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Сыймык Жапыкеев сыяктуу бакандай “реформаторлор” үмүт жаратышкан жок. Дагы да “октябрчы баатыр” аталышып, майлуу кызматтарга баргандар, жок дегенде орун басарлыкты, кеңешчиликти басып жыгылгандар арбын. Чекесинен айыптары ачылууда. Буларга карата сын-пикирлер күндөн-күнгө арбып, коомчулуктун кыжырдануусу күчөп бараткандай. Сыягы, президенттик шайлоодон кийин кадрдык тазаланууга, профессионализмге басым жасалып, чыныгы иштерман, тажрыйбалуу жетекчилер келбесе, абал оорлоп кетиши ажеп эмес. Кыргыз эли качанкыга чейин шорго малынып жатышы керек?
"Азия Ньюс" гезити