Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бабанов криминалдык чөйрөдөгү жердештери аркылуу баш көтөрөбү?

Бабанов криминалдык чөйрөдөгү жердештери аркылуу баш көтөрөбү?

18-октябрь, 09:00
2 280 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Октябрь төңкөрүшүндө борбордук аянттан чала-була таяк жеп, качып кеткени эсибизде. Кийин камалып да чыкты. Оңго-солго “кусканы” да айтылып. Ошондон бери кеги ичинде калып, бийликке келүү үчүн бука моюн, буура сан, ашынган жигиттердин кереги тийерин ойлоп, оюн кылган кербезиби? Криминалдык чөйрөдөгү жердештерине жашыруун түрдө жардам берип багып атса, алардын күчүн пайдаланууну максат кылдыбы? Бул боюнча тар чөйрөдө кеп козуп, Бабановдун балакеттүү жүрүштөрүнө тиш кайраган каршылаштар ойлонуп жатышкандай... Кол ийрисине тарткан саясаты менен ийгиликке жетүүгө кызыкканы, тырышканы ишке ашчудайбы? Ал соңку убакта бизнес менен гана алектенбей, өз ара таң ашып, жакын санаалаш саясатчылары, спортчу жигиттери менен да акылдашып, тымызын күрөш баштаганы ачыкталабы? Эгерде тизгинин тартпай, алдыга озуна берсе, көмүскөдө тынч жаткан күчтөр менен кагылышып калбайбы? Кимдер экенин өзү билсе керек... Бул жагы коомчулукка бүдөмүк тартып тургандай. Сыягы, эки тараптан тең “түнкү жортуулдарга” жол салынып калбайбы? Кандай “жел” жүрүп жатканын Бабанов сезип атат, чын эле духу көтөрүлүп кеткенби? Таңгалычтуу. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер