Динара Ашимова, ЖК депутаты: “Жубайлар конфликтти чечүүнү билишпей, зордук-зомбулукка өтүп кетишет”

-- Динара айым, бир жуманын ичинде эле үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка байланышкан эки жагымсыз окуя болду. Биринчисинде, күйөөсү аялын көчөдө, элдин көз алдында сабаса, экинчисинде, күйөөсү кызганычтан улам аялынын бетин кескилеп, чачын кыркып салган. Укук коргоо органдарынын аракетине, коомчулуктун реакциясына карабастан, эмне үчүн мындай окуялар улам-улам кайталанууда?
-- Негизи бизде мектепте, ЖОЖдордо, үй-бүлөдө отуз жыл бою үйдөгү конфликттерди кантип чечүү боюнча жакшы тарбия албай калган да балдарыбыз. Үй-бүлөнү курганды да билбейбиз. Экономикалык кыйынчылыктарга байланыштуу ыйман, үй-бүлө, ата-энелер мектеби: ата кандай болуш керек, эне кандай болуш керек (?) деген нерселерге көңүл бурулбай калганы үчүн биз азыр ошонун натыйжасын көрүп атабыз. Мен мыйзамдарды өткөрбөдүм беле, азыр иштеп баштады, бирок алар өзүнүн натыйжасын дагы беш жылдарда берет жок дегенде. Азыр эми жанагы жигиттер камалат. Бирок, аны менен көйгөй чечилбейт да. Ошондуктан биз психология жагын карап, эмне үчүн андай кадамдарга барып жатканын, кантип оңдоо керектигин иликтөөгө тийишпиз. Түрмөдөн чыккандай кийин ал кайра эле ушул аял менен жашашы мүмкүн, же дагы бир турмуш курат да. Ошондуктан психологиялык жактан, ыйман, тартип жагынан бүт үйрөтүшүбүз керек. Азыр мындай көрүнүштөргө коомчулук абдан тез, чечкиндүү реакция жасап жатат, бирок биз коомчулукка да багыт беришибиз керек.
-- Сиз өзүңүз психологиялык жагын айтпадыңызбы. Көчөдө күйөөсүнөн кордук көргөн жанагы аял арыз жазгандан баш тартыптыр...
--Себеби, ал аял жашагысы келет. Күйөөсүн жакшы көрөт. Күйөөсү деле балким жакшы көрөөр. Бирок, экөө конфликтти чечүүнүн жолдорун билишпейт. Зордук-зомбулукка өтүп кетишет. Мен Түркияга, Германияга барып, атайын көрүп келдим. Ушундай уруш-талаш болгондо үй-бүлө менен атайын иштешет экен. Кайра жарашып алышат да көбү эле. Анан кайра урушушат. Ушундай болбош үчүн андай үй-бүлөлөр менен иштеп, врач корутунду бергенден кийин гана кылмыш ишин токтотот экен. А бизде корутунду бере турган андай врачтар да жок. Ошону мен азыр биздин мыйзамга киргиздим.
"Азия Ньюс" гезити