Бийликтин беделин түшүргөн Чолпонбек Абыкеев


Жамы эл тарабынан шайланган президентибиз Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасын көтөрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртууда бир топ алгылыктуу иш-аракеттерди жасап, өлкөбүздүн имиджин эл аралык аренада жогорулатып атканына кубанабыз. Ошентсе да ажонун айланасындагы айрым аткаминерлер бийликтин бийик даражасын түшүрүп, уят кылып атканы өкүнүчтүү. Алардын сап башында мурдагы мамлекеттик катчы, азыркы президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев турат.
Чолпонбек Абыкеев кыргыз коомчулугуна “Аалам” гезити аркылуу таанылган. 90-жылдарда бул гезит саясат, маданият темаларын, анан башка басма сөздөрдөн айырмаланып жин, бакшы, арбак, сыйкырдуу күчтөр тууралуу көп жазчу. Абыкеевдин натурасы ушундай ылдыйкы катмардагы тайкы көз караштагылар кызыкчу темаларга шайкеш үчүн “Кызыл көйнөкчөн келин”, “Бриллиант жылан” аттуу адабий китептерди чыгарды. Өткөндө автор “Бриллиант жылан” 100 миң нуска менен чыгып, миллиондогон адамдар окушту” деп билдириптир. Мына, жомокчунун жомогу. Кыргызстанда элдин саны ал кезде 5 миллиондон бир аз гана ашып, анын жарымынан көбү жаш балдар, чал-кемпирлер болсо, окумал курактагылар 2 миллионго араң жетип, китеп окуучу адамдар анын 5-10 пайызын гана түзөрүн эске алсак, статистика боюнча, 150 миңдей адам китеп окуса... Алардын эстүү-баштуу, деңгээли бийик көпчүлүгү Абыкеевдик пас жомокторду, болгондо да чалжыраган узак китепти окубастыгы бештен белгилүү, анан кайдагы миллион окурман?! Деги эле эл арасында сурамжылоо жүргүзсөк, дээрлик көпчүлүк мындай жазуучуну биле бербестиги кашкайып аныкталат.
2000-жылдардын башында Бакиевдик бийлик учурунда Абыкеев президенттик администрациянын коомдук байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп турганында Манас-Ордодогу Кароол чокуну алыскы Грузиядан келген өзүнө окшогон жомокчу менен кошулуп, алтын издеп казып киргенинде “атагы” катуу чыкты. Эл чуулдап, грузин экөөнү кууп чыгышты. Улуу Манас бабабыздын ыйык жайына кол салган “көр казгыч” атакты Абыкеев. Президенттик администрациянын аттуу-баштуу жетекчиси мындайда Кароол чокудан баалуу материал бар-жогун илимий жактан жеткиликтүү изилдеп, анан киришсе, киришкен соң натыйжа чыгарса болмок. Илимсиз, акылсыз ишмерлер кылымдык кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болушту. Жомокчу Абыкеев Кыргызстандын жогорку бийлигин элге жаманатты кылып, эл аралык аренада өлкөнүн аброюн түшүрдү.
Жээнбековдун башкаруу убагында Асылбектин эшигин акмалаган Абыкеев бийлик алмашканда Жапаровдун жанынан чыкты. Баягы пас деңгээлин кайрадан көрсөтүп, мамлекеттик катчылык даражасын пайдаланып, “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууга каршы коомчулукту дүрбөттү. Тасма азыр эл аралык алкакка тарап атат. Абыкеев “Манас” дүйнөсүнүн душмандарын, тасманын оппоненттерин баштап, өлкөбүздүн маданиятын ааламга даңазалачу киного тоскоолдук кылганы кейитет.
Элдик курултай тууралуу мыйзамды коргоо үчүн парламентке бара калып, чоркок аткаминер Чолпонбек Абыкеев депутаттардан тепки жеп, тажрыйбалуу юрист Элмурза Сатыбалдиевден кечирим сурап, качып кутулган. Аз жерден президенттик администрация менен Жогорку Кеңешти каршы коё жаздап, аны илим-билимдүү Бөрүбашевге алмаштырып, абалдан чыгышты.
Кыргызстанда казиного уруксат берүү ызы-чуусунда көптү билгич болуп көрүнгүсү келген Абыкеев президенттин кеңешчиси катары “Казино Тайвань, Түштүк Кореяда, Түркияда иштейт” деп билдирүү жасаса, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси алардын өлкөсүндө кумар оюндары 1996-жылы жабылганын айтып, Кыргызстандын ички ишине чет өлкөлөрдү аралаштыруу эл аралык этикетке туура келбестигин жооп кылып уяткарган. Чокебиз минтип эл аралык чууга себепчи болуп, өлкөбүздү осол кылганы жамы кыргызды катуу арданткан.
Президенттин иниси Сабыр Жапаров түрк ишкери менен алтын куймасын кармап түшкөн сүрөтүн талкуулоодо “алтын кагаз каропкага салынбайт” деп жомокчу идеолог жана бир элге күлкү болду. Айтор, кайда болбосун чаң чыгарып, бийлик беделин ичте да, тышта да басмырлап жүргөн “ишмер” Чолпонбек Абыкеевди айрым басылмалар “дөөдүр” атка да кондурушту. Бийликке ушундай билими, акыл-эси төмөн “хоп, ляппайлар” жанталашып жетишет окшобойбу?! Бирок, баары бир чындык жеңет. АБЫКЕ, Көбөштүн тукумдары белем, АБЫКЕевге окшогондор кыргыз элинин туусу Манас, Семетей ыйыктарга акаарат келтирип, акыры оңбос...
Өздөрүнүн төмөн парасаттары менен ушуга окшогондор ажону “подставить” этип, саботаж кылган мындай аткаминерлер “шефине” гана эмес, бүтүндөй өлкөгө, мамлекетке залал келтирип атканына тынчсызданабыз.
Коомдук ишмерлер Ахунбай Кошоев, Дөөлөтбек Шадыбеков, Асеин Абдраманов, Жеңишбек Качыкеев, Аскар Бакеев, Анарбек Эстебесов
"Азия Ньюс" гезити











