Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сексендин кырын ашкан Асанбек аганын алгы иштери

Сексендин кырын ашкан Асанбек аганын алгы иштери

12-январь, 09:30
1 019 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Асанбек Мамырбаев 1941-жылдын 1-декабрында Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган. Балалыгы жана өспүрүм кези катаал согуш учуруна жана андан кийинки жылдарга туш келип, айылдын анча эмес жакшы шарттарында өткөн. Атасы Мамырбай уулунун төрөлгөнүн көрбөстөн фронтто, Ата мекендик согуш аяктаганга чейин болгон.

Асан Мамырбаевдин эмгек ишмердүүлүгү Будёный орто мектебин 1958-жылы аяктагандан кийин дароо Сосновка айылындагы №9 жолду иштетүү участогуна жумушка киргенден башталган. 1958-1960-жылдары №4 кесиптик-техникалык окуу жайында жер алдындагы жабдыктардын электрослесары адистиги боюнча Кош-Тегирмен айылында билим алган. 1960-1962-жылдары Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы кен чыгуучу жерде электрослесарь болгон. 1962-1969-жылдары Фрунзе гарнизонунда Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн, аскерден бошотулгандан кийин Беловодск айылында №2 кесиптик-техникалык окуу жайдын директорунун орун басары болуп иштеп, ошол эле учурда Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде сырттан окуган. 

1969-1978-жылдары Кыргыз ССРинин мамлекеттик коопсуздук комитетинин борбордук аппаратында ыкчам жана жетектөөчү кызмат орундарын ээлеген. Аталган жылдары Ленинград шаарында мамлекеттик коопсуздук комитетинин күндүзгү курстарын аяктаган. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Юрий Андроповдун Ардак грамотасы жана медалдары менен сыйланган. 

1979-жылдан тартып 2004-жылга чейин 26 жыл бою республиканын өнөр жай министрлигинин аймактык мекемелеринде ар түрдүү жетектөөчү кызматтарда иштеген. Алсак, “Ак-Тилек” акционердик коомунун жана илимий-изилдөө бөлүгү боюнча “Кыял” бирикмесинин башкы директорунун орун басары болгон. 

1990-жылдары жана 2000-жылдардын башында баардык райондордон жана шаарлардан келген жүздөгөн чебердин катышуусунда элдик кооз жасалгалоо кол өнөрчүлүгү боюнча бир нече республикалык көргөзмө-сынак уюштурулган. Аталган иш-чараларды даярдоодо жана өткөрүүдө Асан Мамырбаев координатор катары жеке чоң салымын кошкон. Ошондой эле бул эмгек өкмөт тарабынан жогору бааланып, Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1987-2004-жылдары “Ак-Тилек” бирикмесинин башкы директорунун орун басары болуп иштеп, социалдык тиричилик өнүгүү жана кадр маселелерин жетектеп, Ысык-Көлдүн жээгинде пансионаттын көп батирлүү турак жайдын жана бала бакчанын курулушун уюштурган. Аталган милдеттерди аткаруудагы белгилүү жана көп жылдык салымын эске алуу менен өлкө президентинин жарлыгы боюнча “Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер” наамы ыйгарылып, өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн жеке пенсия дайындалган.

1916-жылы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгында 2016-жылы Кызыл-Дыйкан айылында аталган окуяда курман болгондордун урматына эстелик долбоорлонуп тургузулган. Бул монументти долбоорлоодо жана жасоодо жигердүү катышкандыгы үчүн Асан Мамырбаевге “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы тапшырылган. Ал ошондой эле өлкөнүн коомдук-саясый жана спорттук жашоосуна жигердүү катышып келген. Райондук, шаардык жана республикалык масштабдагы, ошондой эле волейбол оюну боюнча ардагер командалар арасындагы мелдештерге катышып, “КРнын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” төш белгиси менен сыйланган. Волейбол боюнча СССРдин спорт чебери ардактуу наамдарына ээ болгон.

Акыркы жылдары ардактуу эс алууга чыккандан кийин Асан Мамырбаев Бишкек шаарынын Октябрь районунун муниципалдык аймактык башкармалыгынын аксакалдар сотунун төрагасы болуп 10 жылдан ашык иштеп, коомдук ишмердүүлүгүн улантып келген. 2019-жылы “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылып, төш белги жана грамота тапшырылган.

Үй-бүлөлүү, жубайы Айымбүбү Мамырбаева, билими боюнча инженер-технолог, эт-сүт өнөр жайынын ардагери. Уулдары Нурлан, Аскар, келини Канышай медицина жана техника илимдеринин кандидаттары, кызы Чынара көп жылдан бери республиканын салык системасында эмгектенет, полковник, күйөө баласы Самат да бул тармактын кадрдык кызматкери. Неберелери Асан жана Нурайым жогорку окуу жайды артыкчылык менен аяктаган. Жамал, Айдар жана Айжан Москва жана Бишкек шаарларынын ар башка жогорку окуу жайларында билим алышат. Калгандары Азат, Эркин, Бермет жана Эржан башталгыч класстын окуучулары. Келини Асел мыкты эне жана ийгиликтүү ишкер айым. Үй-бүлөдөгү өтө кубанычтуу окуя – чөбөрө Даниэлдин төрөлүшү, ал бир жаштан ашып калды.

Атасы Мамырбай Улуу Ата мекендик согушка катышып, Берлинге чейин барган адам. 1962-жыл көз жумган. Улуу Жеңиш күнү 2015-жылдын 9-майында анын фронттук портретин чөбөрөлөрү Асан жана Айдар Москванын Кызыл аянтына көтөрүп басышкан. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер