Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аззамбек Жээнбай уулу: “Салык саясатында ишкерлердин сунуштарын эске алышса, мындан да түзүк болмок”

Аззамбек Жээнбай уулу: “Салык саясатында ишкерлердин сунуштарын эске алышса, мындан да түзүк болмок”

21-февраль, 09:00
1 270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

JIA бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору менен маек.

-- Учурдагы салык төлөө боюнча жүрүп аткан иштерге кандай көз караштасыз? Туура жүрүп жатабы?

-- 2021-жылдын башында жаңы Салык кодекси кабыл алынып, ишке кирди. Бирок ал чийки болуп, ишкерлер тараптан көптөгөн нааразычылыктар жаралгандыгына байланыштуу кайрадан өзгөртүүлөр, толуктоолор боюнча бир жылдык иш жүрдү. Экономика министрлигинин алдында атайын жумушчу топ түзүлүп, ал жакка биздин ЖИА ассоциациясы да мүчө болуп, чогуу иш алып бардык. Азыр эми жаңы Салык кодекси Жогорку Кеңеште кароодо турат. Эгер өтсө, толук кандуу ишке кирип баштайт. Кандай болорун иш жүзүндө дагы көрөбүз. Негизи Салык кодекси реформа болуп жаткан болсо, анда мурдагы иштеп жаткан кодекс өзүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө албагандыгын билдирет. Бирок мурдагы эле Салык кодексин жазган адамдар, өкмөт кайрадан ушул версиясын сунуштап, талкууга чыгарды. Ал сунуштун негизинде ишкерлердин практикалык жагы каралбай калган. Негизи ишкерлер менен чогуу иш алып барып, алардын сунуштарын, талаптарын угуу керек эле. Себеби, ар бир бизнестин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Кээ бир тармакка башкача режим киргизүү керек ж.б. Мына ушуга ишкерлер менен көлөмдүү иш жасалышы зарыл болчу. Мыйзамды кабинетте отуруп жазбай, ишкерлер менен талаага чыгып иштешкенде мыйзамдуу кодекс жаралмак. Бирок бул жолкусунда деле көптөгөн сунуштар кабыл алынды. Болгону биздин реалдуулукту толук кандуу чагылдыра албай жатышат.

-- Айрым өзгөрүүлөргө кандай ойдосуз?

-- Салык саясатындагы өзгөрүүлөрдө кошуна өлкөлөр менен көбүрөөк салыштырылат. Бирок биздин салык режимдерибиз аларга салыштырмалуу бир топ либералдуу. Анын дагы себеби бар. Анткени Кыргызстанда чакан жана орто бизнес басымдуулук кылыт. Кошуна Өзбекстан, Казакстанда ири бизнес арбын эмеспи. Чакан жана орто бизнес аз. Бул жагын эске алуу керек. 

Даяр болбогон чийки нерселер сунушталып, салык кызматынын өзүнүн дагы базасы даяр турбай, региондордо ишкерлерге кеңеш берип чогуу иш алып барууну адистер да жеткиликтүү түшүндүрө алышкан жок. Ошондуктан муну этап-этабы менен жасаса туура болмок. Кантсе да булардын баары ишке кирүү алдында турат. Болгону мындан ары бизнесмендер менен ассоциациялар тыгыз иш алып барып, жергиликтүү ишкерлердин сунуштарын да эске алышса деген пикирдемин. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер