Шектүүлөр: К.Өскөнбаев менен Т.Акматов судья Ч.Адамкуловду сатып алганбы?
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкулов 16-апрелдеги сот отурумунда “Азия Ньюс” гезитине дагы бир жолу туура эмес, мыйзамсыз чечим чыгарды. (Ал мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаковдун пайдасына 1 млн. сом өндүрүп, адилетсиз негизде гезитти доого жыккан). Эми болсо ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Талант Акматов менен анын орун басары Конокбай Өскөнбаев экс-министр Кашкар Жунушалиевдин тукуруусу боюнча “Азия Ньюстун” үстүнөн сотко жазган арызын карап чыгып, гезитке 200 миң сом айып пул салды. Чындыгында биздин макала, “Балык башынан сасыйт” деген материалдардын баардыгы реалдуу фактыларга негизделип жазылган.
Мисалы, өткөн жылы пандемия жаңы башталганда ИИМдин криминалдык милиция башкармалыгынын үч кызматкери ичимдик ичип алышып кармалгандыгы тууралуу маалымат сайттарга тараган. Бул кызматкерлер өздөрүн соцтармактарга чыгаргандыгы үчүн ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Конокбай Өскөнбаевдин үстүнөн министрге арыз жазышкан. Ал текшерилип, УКМКнын тергөө бөлүмүнө жиберилген. Бул факт. Ал эми К.Өскөнбаевдин үйүнө жардыруучу зат ыргытылганын “Дело №...” гезити жазган. Ушундай далилдүү фактылар менен жазылган макала үчүн судья Чыңгыз Адамкулов гезитке 200 миң сом айып пул салды. Өткөндө миллион сом айып пулду мурдагы вице-премьер Ж.Разаковдун кызматына көз каранды болуп чыгарганы абсурд эле. Эми да тескери кетти, кайсы кара теке сүздү? Же ар дайым чыр-чатактын үстүндө жүргөн К.Өскөнбаев менен Т.Акматов шуудураган “жашылбайлар” менен чүлүктөп алдыбы? Же коркутуштубу? Иши кылып адилетсиз соттор менен дагы күрөшө берет экенбиз. Сот чындыкты жазган “Азия Ньюс” гезитин колдобой К.Өскөнбаев (учурда ИИМдин ички иликтөө башкармалыгынын жетекчиси), Т.Акматовго окшогон коррупцияга шектүүлөрдү колдогону таңгалычтуу.
“Азия Ньюс” – пресс