Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары


(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)
VI. Биримдик, ынтымак даанышмандыгы
1. Биримдигиң бек болсо, башыңа конот ырыс, бак, биримдигиң жок болсо, алдыңдан таяр алтын так
“Манас баатыр катары калкка таанылып, «ат жалын тартып минип» атагы билине баштагандан тартып өмүрүнүн аягына чейин эл-журт биримдиги үчүн кызмат кылат. Анын ар бир иш-аракети адегенде чабылып-чачылган элдин башын коштуруп, ата-бабадан калган мекенине чогултууга арналса, өмүрүнүн калган бөлүгү ошол баш кошкон журттун биримдигин чыңдоо, дос-душманга бирдиктүү, ынтымактуу, күчтүү эл катары таанылуусун камсыз кылууга жумшалат” (Кыргыз адабиятынын тарыхы, 2-том. - Бишкек, «Шам», 2004, 590-бет). “Манаста” айтылган төмөнкү осуят өзүнүн терең мааниси менен түздөн-түз бүгүнкү урпактарга багышталып тургандыгын түшүнбөй коюу мүмкүн эмес:
Тели куш салдым, куш кылдым,
Тентиген жыйып, журт кылдым.
Кулаалы салып, куш кылдым,
Курама жыйып, журт кылдым.
Менин бир көзүм өткөн соң,
Жакшы куштап багып ал.
Ушул улуу осуятты ар дайым көңүлдүн борборуна тутуп, Манас атанын мээнетин дагы да ого бетер бекемдөөгө тийишпиз.
“Манас” эпосунда Манас баатырдын биримдик, ынтымак идеясын уланткан идеолог Бакай экендигин баса айтып өтүшүбүз керек. Өзүнүн жаратылышы боюнча данакер Бакай ички ынтымактын дайымкы жарчысы.
Бакай эл-журттун ички ынтымагын жана биримдигин жеңиштердин, ийгиликтердин ачкычы, тышкы карсанатай күчтөрдүн кысымы алдында сепил сыяктуу кебелбес, ноюбас болуунун кепилдиги, турмуштун бороон-бурганактуу жолдорунда калктын аман-эсен сакталышынынын куралы катары туюнат. Мына ошон үчүн ал өмүрүнүн аягына чейин ак калпак журттун ички ынтымак-биримдигине доо кетирген Абыке-Көбөш алты арамга жана чыккынчы Канчоро, Кыяздарга каршы турган.
Кеменгердин логикасы боюнча калдайган калың журтмун, сан жагынан сансызмын деп мактануу да эп эмес. Эгерде ички ширелишкендиги жок болсо, калктын сан жагынан көптүгү капсалаңдуу кыйын-кезеңде ынанымдуу тирек болуп бербес. Мына ушундан улам Бакай: “Ынтымаксыз ырк кетсе, пил да болсоң жыгыласың, миң да болсоң кырыласың”, “Ынтымактан качкандар, ыгы жок өзү кордолот” деген орошон насыятты айтып отурат. Ырасында эле ичтен ыдырап, бөлүнүп-жарылуунун айынан жер үстүндө далайлаган империялар, калдайган калың журттар тарых сахнасынан орду-түбү менен жоголуп кеткендигин турмуш көп жолу далилдеп берген.
Семетейдин доорунда,
Серпишкенге бой бербес,
Сепил болуп калгыла!
Ынтымактан качкандар
Ыгы жок өзү кордолот! - деп акыл-насыятын айтып, Бакай 90 жашында калкты бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга, улут коопсуздугу үчүн бир муштумдай биригүүгө чакырып турат.
Кыскасын айтканда, “Манас” мурасыбыздагы «Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп бөлөк элге кеп кетет, жарылсаң ууру алуучу, жарылып калды кыргыз деп жаманатты кылуучу”, «өлсөк бир чуңкурда, тирүү калсак бир дөбөдө бололу» деген патриоттук, даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда калайык-калк бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. Кыргыздын алдыңкы акылман акыл-эси өз ара коюн-колтук алышкан, ынтымактын («Бирдик болбой, тирдик болбойт» – эл макалы) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган.
Ак калпак калкыбыздын, калдайган Ала-Тообуздун, мекенибиздин бүтүндүгү элибиздин биримдиги – бул Манас атадан калган биздин ыйык улуттук идеябыз жана бул идеяга изден тайбай кызмат кылуу – атуулдук адеп-ахлагыбыздын көрсөткүчү.
Бүгүнкү Кыргызстандагы партиялардын саясатынын жана ишмердигинин критерийи ушул улуттук биримдик идеясы болууга тийиш. Кандайдыр бир партия, анын лидерлери «Манастагы» «Абыке-Көбөш алты арамга», «Көзкамандарга» же болбосо Телторуну бербеген Тейитбекке окшошуп турууга тийиш эмес. Мейли плюрализм болсун, түркүн коомдук-саясый, экономикалык маселелер боюнча ар түркүн пикирлер, позициялар, талаш-тартыштар партиялардын арасында, оппозиция менен бийликтин ортосунда боло берсин, бирок осолураак макалды колдонуп айтканда, «айыл ити алаланса да, бөрү көрсө чогулат» дегендей, түркүн партиялар, оппозиция, бийлик да келишпөөчүлүктү таштап, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган бир ыйык нерсе бар. Ал ыйык нерсе – мекен, анын эгемендүүлүгү, бүтүндүгү, стабилдүүлүгү, эл биримдиги жана улут аралык ынтымак.
Ынтымак, биримдик жок жерде улут ичи бөлүнүп-жарылып, бүлүнүүгө дуушарланып, атүгүл айлана-тегеректеги үзөңгүлөш калктардын да ынтымак-достук байланыштары ыдырап, бүтүндөй зор аймак трагедиялуу тагдырга кириптер болгонуна тарых далай ирет күбөлөгөн. Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романынын түндүгүн жогору көтөрүп турган философиялык идея-нарктардын бири – бул эл-жердин биримдиги жөнүндөгү осуят. Бул насыят «Сынган кылычтын» сюжеттик-образдык структурасынан агып чыккан идеологиялык үлкөн мүлк. «Өздөн чыккан жаттан, өзөктөн чыккан өрттөн» азап чеккен, элдик көтөрүлүштүн жетекчиси Исхак хан мындай дейт:
Жапалак үкү мактанса,
Жардан чычкан алдым дээр.
Жаман тууган мактанса,
Жакшымды буттан чалдым дээр.
Илгери ошо жакшысын буттан чалган жамандар, койнунда котур ташы бар, арымы кыска «Абыке-Көбөш алты арам» сыяктуу майдалар журт башына келгенде, «Кулаалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган» улуу Манастын ордосу кыйраган. Мына ушул «Абыке-Көбөш алты арам» фактору XIX кылымда да кыргыз, кыпчак, өзбек элинин ичинде, жалпы эле Түркстанда өзүнүн ичтен ириткен ролун активдүү ойноп жатат.
Ата журттун боштондугун коргоп, баскынчы генерал Черняевдин армиясын алдынан тосуп, өзүнүн аскери менен колонизатордун колун селдей каптап, чабуулга өтүп бараткан колбашчы Алымкулду жаман туугандардын жашыруун айдактоосу менен жанында жүргөн Удайчысынын аңдып туруп атып өлтүрүп кетиши – бул «Сынган кылычтагы» ошо Абыке-Көбөшчүлүктүн классикалык үлгүсү. Түндүк тараптан темир тумшук алпкаракуш (падышалык армия) Түркстанга жутунуп тумшугун салып келатса, тоо-талаадагы мусулман түрк калктарынын өз ара буттан чалышып, чалкасынан салышып (Бухара хандыгы менен Кокон хандыгынын өз ара чабышы, Худаяр-хан менен Мусулманкулдун согушу, кыпчактардын кырылышы ж.б.), бирин-бири алсыратып жатышканын көрүп, Календер кайгырып минтип ырдап турат:
... үрөйүң бир, тилиң бир,
үйүт, каадаң, дилиң бир...
эки тууган өзүнчө,
эски душман көзүнчө
чайпалып жүрүп төгүлүп,
чабышып жүрүп сөгүлүп,
тарки кетер элиңдин,
калыс болор эми ким?!.
...ар тайпаңда бирден бек,
ат үстүндө жүргөн көп,
кеп жугушпай ыркырап,
келише албай тынчыраак,
ынтымагы кеттиби,
ыйык чектен өттүбү...
учкан куштай кылактап,
уламдан улам ыраактап
баарыңан качар ырыс, бак...
Кыскасы, Төлөгөн Касымбеков Түркстан элдеринин, кыргыз-кыпчактын ич ара, өз ара да бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарган ынтымак-биримдигинин жогунан, Фергананын «Абыке-Көбөштөрүнүн» (Кудаяр-хан, Насирдин ж.б.) айынан, душманга колтук ачкан чыккынчылыктын, саткындыктын кесепетинен (Абдырахман, Ярмат датка, Шамырза датка ж.б.) мусулман эл-журттун кандайча баскынчыларга багынып, мамлекетинен ажырагандыгын көркөм боёктун күчү менен кашкайта тарткан.
Бул трагедиялуу тарыхый окуя төмөнкү кыргыз жомогунун акылман насыйкаттын эске бекем тутуунун аба менен суудай зарылдыгын туюндуруп турат: “Илгери-илгери бир акылман карыянын тогуз уулу болуптур. Бирок балдары атасынын айткан акылын укпай, ар кимиси өз бетинче жүрүп, чоңу кичинесин сабап, кичинеси чоңуна акырая карап, биримдиги жок тогуз бир тууганды бөлөк кишилер да уруп кетишчү экен.
Бир күнү атасы балдарынын кылыгын ойлоп терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, карыя тоого барып, үйүнө чоң тутам тобулгунун жыгачын көтөрүп келет. Анан балдарынын баарын чогултуп алып:
-- Кана, балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн. Мынабу тобулгуну ушу тобу менен сындырып көргүлөчү, - деп байланган тутамды карматты. Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынашты. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып отуруп калышты. Карыя тобулгунун боосун чечип:
-- Эми бирден сындырып көргүлө, - деди. Балдары бирден тобулгуну ошол замат эле чарт-чурт сындырып салышты. Алар сындырганына мактанышып, жыргап калышат. Ушул жерде да “сен-мен” деп айтыша кетип жатышты. Күчтүүлөрү күчү жогун жыга коюп, кыр көрсөтүп турушту. Эми абышка балдарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады.
-- Мен силердин келечегиңерди ойлоп капамын. Душманыңар көп. Эгер ыркыңар жок болсо, душман деген силерди жанагы жалгыз тобулгудай чарт-чурт сындырып коюп кете берет. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү болсоңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара да албайт. Мына аны көрдүңөр го. Турмуш деле ушундай, силер канчалык бирдиктүү турмуш кечирсеңер, ошончолук зоболоңор көтөрүлөт. Ынтымак бар жерде ырыс токтойт. Менин айтарым ушул, балдарым. Эсиңер болсо, айтканымды угуп калгыла, - деп карыя сөзүн бүтүрөт.
Көп узабай карыя кайтыш болот. Балдары атасынын айткандарын эстешип, акылга келишип, бирдиктүү оокат кылышып, касташкан душманын жеңип, артык дүйнөсү болсо бей-бечерага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүшүптүр. “Ырыс алды – ынтымак” деген сөз ошондон калган дейт”. (“Кыргыз эл жомоктору” китебинен). Бул жомоктун осуяты бир үй-бүлөгө гана арналган осуят эмес. Бул насыйкат бүтүндөй улутка, мамлекетке, калктар аралык мамилелерге багышталган биримдик жөнүндөгү социалдык философия.
Жыйынтыктап айтканда, биримдик, бекем ынтымак, тыгыз баш кошкондук улуттун ички түркүгү, өз алдынча аман сакталышынын гаранты, Ата журттун бороон ала алгыс коргон чеби жана урагыс пайдубалы.
(Уландысы бар)
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити











