Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит молдо “Ыйман нуруна” карындашын кошуп, үй-бүлөлүк саясатын баштаганда

Нуржигит молдо “Ыйман нуруна” карындашын кошуп, үй-бүлөлүк саясатын баштаганда

18-март, 21:32
1 525 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жергиликтүү жана шаардык кеңештердин шайлоолоруна “Ыйман нуру” партиясы да катышууга бел байлаган. Лидери баягы эле Нуржигит Кадырбеков. Бул тапан маданият, маалымат жана туризм министри катары иштей албай, ыргып кеткенин көрдүк го? Ырчылар Курал, Кайраттар менен кайым айтышып, деңгээлинин төмөндүгүн ашкерелеген. Акчалуу Самара Каримованын арбайын согуп, мыйзамсыз кызматка дайындап, аягы чууда калды. Андан сырткары, жалпы министрликтин ишин уюштура албай, тек гана тили сайрап, кылган иши жок, тамаданын образын жаратып жүрдү. Бирок саясаттын кумарына кирип алып, кайрадан шайлоолорго катышууда. Кырктан ашса да өз жолун таппай, тамтаңдабай эле дааватын айтып, молдолугун кылып жүрө берсе не? Андан көрө бир мечитке имам болуп, нике кыйып, диний сабаттуулук боюнча сайрабайбы? Биз светтик мамлекетпиз. Нуржигит молдо сыяктуу “самопал саясатчыга” жол бербеш керек. Мындайлар ашына берсе, эртең Сириянын кебетесин кийип калбайбызбы?.. А баса, Ош шаардык кеңешине “Ыйман нурунан” Нуркыз Кадырбекова талапкер катары баратат. Мына, бир тууган карындашын да аралаштырып, үй-бүлөлүк бийликтин түптөлүшүнө салым кошо баштаганбы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер