Жылдызкан Жолдошева: “БШК элдин тынчтыгын сактоодо чоң жоопкерчиликти унутпасын!”
Жылдызкан Жолдошова айым теңтөрайымдык кылган “Аалам” саясый партиясы бу жолу парламенттик шайлоого аттанбай калды. Анын себебин Жылдыз Айтибаевнадан билдик. Эмне себептен “Аалам” партиясы катышпай калганын, өзү кайсы партия менен “аламанга” аттанып атканы боюнча кыскача ойлорун уктук.
-- Жылдызкан Айтибаевна, эмне себептен сиз теңтөрайымдык кылган “Аалам” саясый партиясы келе жаткан парламенттик шайлоого барбай калдыңар?
-- “Аалам” саясый партиясынын лидери Арсланбек Малиев учурда чет өлкөдө. Бүткүл дүйнө жүзүн каптаган пандемияга байланыштуу Кыргызстанга азыр да келе албай отурат. Авиакаттамдар жаңыдан ачылууда. Ошого байланыштуу 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого катыша албай калды. Апаат биздин “Аалам” партиясынын алдыга койгон жакшы пландарын бир топ өзгөртүп койду.
-- Сизди “башка партия менен шайлоого аттанды” деп угуп калдык, ушу боюнча оюңузду угалы?
-- Ооба, укканыңызда калет жок. Шайлоого “Мекенчил” саясый партиясы менен аттандым. Бу да мен үчүн оңой болгон жок. “Жети өлчөп, бир кесип” дегендей. Анткени, алдыга койгон максаттарыбыз, жашоо турмушундагы көз караштарыбыз төп келет.
-- Шайлоо баштала электе эле БШКда чыр чыгып атат. Анын бирден-бир себеби эле “Кыргызстан” партиясынын тегерегинде болууда...
-- Шайлоодон кийин Беларусь өлкөсүндө болуп аткан абалга көз чаптыралы. Эмне болуп атат? Бу да болсо шайлоонун шайтан оюндарынын кесепетинен келип чыкты. Биздин өлкө да Беларустагыдай болуп калуудан сактанып, БШК Башмыйзамдын негизинде иштешин каалар элем. Антпесе абал оор болот. Чыр чыгып кетиши да мүмкүн. Алыс кетпейли, Кыргызстанда эки революция эмненин негизинен болду эле? Ошол эле бийликтин “бармак басты, көз кыстысы” жана өзүмбилемдик позициясынан келип чыккан. Басып өткөн тарых менен ар бир бийликке келгендер катуу эсептеши керек. Ойлонуп иш кылуулары абзел. “Чү” дегенде эле ээрге кыйшык минип, анысы аз келгенсип, элди “билбей калат” же “эл эмнени кылмак эле” деген түркөйлүктү токтотуп, тизгинди тарта турган мезгил келди. Азыр элди жоокалатуу, жойпулантуу менен алдай албайсың. Айрыкча ушул шайлоодо борбордук шайлоо комитети элдин тынчтыгын, биримдигин, ынтымагын сактоодо чоң жоопкерчиликтүү экенин унутпасын, бөркүндөй көрсүн!
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити