Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бейшенбек Бекешовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өз айылында өтөт

Бейшенбек Бекешовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өз айылында өтөт

28-декабрь, 18:23
2 025 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн айылында өтөт. Жакындары билдиргендей, маркум эртең, 29-декабрда Түп районундагы Балбай айылында саат 10:00дө жаназа окулуп, жерге берилет.

Кыргыз журналистикасында опол тоодой орду бар Бейшенбек Бекешов КТРК, ЭлТР, НьюТВ телеканалдарында эмгектенип, көптөгөн шакирттерди тарбиялап өстүргөн. Ал “Коломто”, “Эл наркы”, “Акыл заман” аттуу телекөрсөтүүлөрдүн, “Кыргыз наркы” китебинин автору болуп, коомчулукка таанылган. Акыркы жылдары Бекешов ишкерлик менен алектенип, анын “Айыл азыгы” дүкөнү шаардыктарды нукура азыктар менен камсыздап жаткан.

Эске салсак, кечээ, 27-декабрда саат 12:30дар чамасында Бейшенбек Бекешовдун жүрөк оорусу кармап, 61 жашында мезгилсиз дүйнө салган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер