Кенесарынын өлүмү


(Уландысы. Башы гезиттин өткөн сандарында)
Кенесарынын туткундалышы
Өмүр бою тарых мугалими болуп иштеген санжырачы Аман Алымкул уулунун (1909-2004) айтымында, Кенесары ханды сарбагыштын чечей уругунан Дайырбек, жарбаң уругунан Калча, Аксакал деген баатырлар туткундаган. Аман аксакал Дайырбек баатырдын өз оозунан укканына караганда, согуш бүтүп, кенесарычылар качкандан кийин согуш талаасында адам өлүгү, ат өлүгү тоо болуп, ээси жок ээр токумчан жайылып жүргөн аттар жайнап эле калды дейт. Ал кезде жоодон олжо алып келиш салт болгон. Бош калган аттарды ар ким каалашынча тандап алып жатышкан экен. Дайырбек, Калча, Аксакал баштаган он чакты жигит жоодон кайтып келатышып, жайылып жүргөн ээр токумчан аттарды көрүп, "биз да бир-экиден ала кетели" деп тандап жүрүшсө, калың камыштардын четиндеги булакта бир казак жоокери булактан суу алып жатыптыр. Аны тегеректеп алышып, кылыч менен тап бергенде “ой-бай баурым, мен деле бир сорлу казакмынгой, сендердин издегениңдер тиги камыстын арасында жатыргой" деп жансоогалап жиберет. Казакты коё беришип, артынан камышты аралай кеткен жалгыз аяк жол менен жүрүп отурушат да, камыштан жасалган үйгө туш болушат. Биринчи болуп Дайырбек кирип барса, төрдө өтө аземдене кийинген, чырайлуу киши отурат. Дайырбекти көрөр замат кылычын ала коюп, качырып сала берет. Кылыч Дайырбектин оң ийнине тийип, экөө кармашып калганда, артта келаткан жигиттер кирип келип, колу-бутун байлап салышат. “Мен Кенесары ханмын, коё бергиле! Каалаганыңарды берем” деп жалынат. Бирок кыргыз жоокерлери анын сөзүнө көнүшпөй, туткунду кошуунга алып келишет. Дайырбек баатыр токсондон ашык жашап кайтыш болгон экен. Аман аксакал, ойноо бала кезинде жыйындарда айтып атканын көп жолу көрүп, угуптур. “Ушундай адаты бар эле, эл чогулган жерлерде чапанын чече коюп, оң ийниндеги кылычтын тагын көрсөтүп, эргип айта берчү” дейт.
Б.Солтоноев “Текеликтин тоосунан Кармыш деген кедейдин Опу, Топу деген уулдары туткундашкан...” деген. Алихан Букейхандын (1866-1937) казак элинин коомдук жана саясый ишмери "Материалы к изучении султана Кенесары Касымова" деген макаласында: "Ормон (оригиналда Урман) выступая в поход, дал слово заполонить султана Кенесары Касымова со всем его войском. Дабы сдержать свое слово, манап Ормон приказал идти в преследование. В ущелье Алмалы одна из отступающих групп, во главе который шел султан Кенесары Касымов, была нагнана кара-киргизами, окружена и обезоружена. Пойманного султана Кенесары Касымова, связанным, доставили манапу Ормону".
Ыбырайым Абдырахмановдун айтуусунда, "Кененсары Каракоңуз, Ичкени көздөй качып, Ормонбек Субанбектин жылкысына учурап, сымбаттуу киши, букар бачайыдан көйнөгү бар экен. "Сиз ким болосуз?" деп жылкычылар сураса, сырын жашырбай Кене канмын деп чынын айтты. "Мени жолго салыңдар, каалаганыңарча көп дүнүйө алыңдар" деди. Жылкычылар Кене канды байлап алып, Ормонканга алып келет. "Жүзүн көрсөтпөй, жакшы багып тургула!" дейт Ормон.
Жантайдын Батыш-Сибирь генерал-губернатору П.Д.Горчаковго жазган билдирүү катында: “Трое родственников из подведомственных мне киргиз, захватив Кенесары, представили к нам; тогда Кенесары сулил нам за выкуп себя 60-ти верблюжих вьюков разного имущества и сколько угодно червонцев; но мы, заботясь о благоденствии и спокойствии всякого народа и о благополучном обращении караванов, и так я не позволив ему видеть свое лицо, приказал своему родственнику Коджибеку (туурасы Кожобек) отрубит ему голову”.
Эл оозунда болсо, Кенесарынын колу толук жеңилип, кыргыз жоокерлери алган олжолорун, колго түшкөн туткундарды Ормон хандын алдына алып келе башташат. Бир жаш жоокер эч олжосу жок эле терең ойлонуп, кыялга батып бастырып келаткан экен. Ормон ага кайрылып, “баатыр, сенин олжоң кана?" дейт тамашага чалып. Жигит “селт” этип башын көтөрүп, эки жагын каранат. Кыязы кыялга өтө эле терең сүңгүп кетсе керек. Уй мүйүз тартып турган жоокерлер күлүп калышат. Жигит ызаланса керек, атынын башын кайра буруп, жоо качкан тарапты карай чаап жөнөйт. Каракоңузду ашып, аркы бетке жеткенде кыламык кардын үстүндө жалгыз аттын изи бар. Бир талаа жерге жеткенде үймөлөктөшүп калган чоң камгак жолугат. Ал жерден жөө кишинин изи пайда болуп, камгакка кирип, аттын изи башка жакка кетет. Жоокер жигит: "Ким болсоң да чык бери! Азыр камгактарды өрттөйм!" деп кыйкырат. Камгактардын ичинен аземдеп кийинген сымбаттуу мырза жөрмөлөп чыгат. Жигит кеп-сөзгө келбей эле алиги төрөнү эңип алып, алдына койдой арта салып өңөрүп жөнөйт. Жолдо карата туткундалган адам "мен Кенесары ханмын, мени бошот, бул дүйнөдө эмне кааласаң берем" деп жалынып-жалбарат. Бирок жолдошторунун алдында ыза болуп калган жигит эч бир жооп кайтарбастан түн бою жүрүп отуруп, эртеси Ормонго келет. Ормон баштаган журт башылар боз үйдө, шейит кеткендерге бир сыйра куран окушуп, тамак ичип отурган болушат. Сыртта турган сакчылар казактын дагы бир төрөсү туткундалып келгендиги туурасында кабарлашат. Ормон туткунду башка туткундалган төрөлөр тамактанып отурган обочо жердеги боз үйгө киргизип, туткун кармаган жигитти мында алып келүүсүн өтүнөт. Сакчылар туткунду коңшу боз үйгө алып киргенде эле туткун төрөлөр тамактарын таштап, жапырт чөк түшүп, кулдук уруп, "ханым" деп аташып, ар бири каалоо-тилектерин айтышып, улугуна ден соолук, аманчылык тилей башташат. Муну көргөн сакчылар дароо Ормонго кабарлашат. Ормон жанындагы ишенимдүү адамдарын жиберет. Алар келгенде деле төрөлөр кулдук уруп бүтүшөлек болчу. Бул кабар кыргыз айылдарына шамалдай тез тарайт. Заматта жакын жердеги айылдардын катын-бала, кемпир-чалдар чогулуп, боз үйдү курчап алышат. Ормон туткундар жаткан боз үйгө бир нече катар сакчыларды коюп, аттуу-баштуулардын улам бири чыгып, эл менен сүйлөшүү жүргүзүп турат. Бирок эл эч муюбайт. Кабар жеткен башка айылдын эли да алыс-жакынына карабай келишип, уламдан-улам көбөйүп, жыйыла берет. Ошентип, Кенесары кандайча туткундалгандыгы туурасында жоромолдор көп түрдүү айтылат. Кол баштап келген султандарынын он тогузу өлүп, отуз эки төрөсү туткунга түшкөн. Чубурталы Агыбай деген төрөсү казактар качып жөнөгөндө 200 жигити менен жардын далдаасына жашынып калышып, куугунчулар өтүп кеткенден кийин аман-эсен Каракоңузду ашып кетет. Колго түшкөн отуз эки төрөсүнүн эки төрөсүнө (Супатай менен чымыр Байзакка) мунапыс (амнистия) берип, куткарып ийишкен. Анткени бул экөө согуштун акыркы күнү Кенесары качууга камданып, ар ким өз жанын сактап калууга далалат кыла баштаганда, тиги экөө да жандарын сактап калыш үчүн Ормонго "Кенесары качканы жатат" деп кабар берип коюшат. Бул салгылашууда кыргыздар өздөрүн жоодон айырмалаш үчүн сыртынан ак көйнөк кийишкендиктен, чымыр Байзактын жигиттери да амалданып ак кийинишип, аман калышкан. Кенесарынын аскери менен кошо айдай жүргөн миңдеген бодо малы, кымбат баалуу буюмдары, жоокерлердин аттары олжого түшкөн. Кыргыздын согушка катышпай, ат кошчу болуп жүргөн балдарына эле үчтөн ат олжо тийген имиш. Кенесары менен Ноорузбай экөө эки башка жерде туткунда кармалышат. Кыргыз манаптары Кенесарынын өзү экендигин дагы бир ирет тактап билиш үчүн колго түшкөн төрөлөрүнүн бири Кудайбергенди Кенесары отурган боз үйгө киргизип жиберип, аңдытып коюшкан. Кудайберген эшиктен киргенде эле чөгөлөп кулдук уруп, саламдашып, баардык каалоо-тилектерин айткандан кийин кыргыздарга каалаганын берип, эптеп аман-эсен кутулуп кетүүсүн сунуштайт. Бирок Кенесары "Ормон, Жантай, Жангарач өздөрү алдыма келип кулдук уруп суранса макул болом" деп көгөрүп көнбөй койгон имиш. Бирок бул Кенесарынын аброюн көтөрүүгө аракет кылган санжырачылардын айтканынан болсо керек. Анткени өз жанын сактап калыш үчүн Ормон, Жантай менен да жолугушууга аракеттенгендигин, өз жанын 60 төөгө жүктөлгөн дүнүйө-мүлк, көп акчага баалагандыгын жогоруда Жантайдын Горчаковго жазган катынан үзүндү келтирбедикпи.
Кенесарынын башы
Бул туурасында жогоруда аталган К.Степняктын “Материалы к истории султана Кенесары Касымова” деген баяндамасында: “Будучи приятелем манапа Тюрегельды, манап Джантай Карабеков обратился в Алма-Ата к вождям казак-киргизских родов Сыпатаю (Сыпатай был родовым вождем племени Чакрамты из рода Уйсунь) и Рустему (Рустем был султаном казак-киргизов), прося их выручить манапа Тюрегельды. Сыпатай и Рустем дали Джантаю Карабекову неблагоприятный ответ, говоря в нем о своем бессилии помочь, так как киргизы (казаки-Ред.) Копальского уезда уже находились под властью русского правительства. Между прочим, они посоветовали переслать голову султана Кенесары Касымова русским, прося у них взамен манапа Тюрегельды. Манап Карабеков последовал данному совету, выслал голову Рустему и Сыпатаю для передачи ее русским, обещаясь, в случае успеха, еще за каждую кость Тюрегельды по пленному кененсары-касымовцу”.
Ошентип, казак туугандар Кенесарынын башын өздөрүнүн демилгеси менен кестирип, өздөрү оруска алпарып беришкен. Кенесарынын башы кантип кесилгендиги туурасында да бир нече жоромолдор айтылат. Мисалы: Алихан Букейхан казак элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмери, жогоруда айтылган "Материалы к истории султана Кенесары Касымова" баяндамасында "Манап Таштанбеков получив пленника, жестоко отомстил ему за смерть братьев: он отрезал у султана Кенесары Касымова нос, правый ус, затем после ряда пыток, снял голову" дейт.
Николай Анов, казакстандык жазуучу. 1956-жылы Алма-Атыда жарык көргөн "Ак Мечет" деген тарыхый даректүү романынын аягында ошол романда катышкан каармандар туурасында кыскача маалымат берет. Ал маалыматта: "Кенесары Касымов (1802-1847) при попытке порабощение киргизского народа позорно погиб в урочище Май-Тюбе. По преданию голова его сварена в котле, череп отправлен к Сибирскому генерал-губернатору" деп жазылган.
Эл оозунда “кыргыз манаптары кеңешишип, “бир тууган элбиз, жоо жазасын алды, эми баарын кечиришип эл бололу, экөөнө тең аял алып берип, аттап-тондоп узатып ийели" деген бүтүмгө келишет. Бирок өткөн жылы Кенеден кордук көргөн эл-журт, согушта набыт болгон жоокерлердин катын-бала, ата-энелери каршы чыгышып, туткундар жаткан үйдү катар-катар курчап, тогуз күн эч кимди өткөрбөй, кеп-сөзгө келбей туруп алышат. Азыркыча нааразылык акциясы болсо керек. Ормон, Жантай, Жанкарачтар ары айтып, бери айтып көрүшүп, чогулган элди тарката алышпайт. Акыры топураган эл сый туткундарды үч катар курчап турган сакчыларга ээ кылбай баратканда, “эмне кылсаңар өзүңөр билгилечи" деп кол шилтеп басып кетишет. Курчап турган эл казак хандары сый туткун болуп жаткан боз үйдү коңторуп жиберишип, талоонго алышат. Экөөнүн тең башын аялдар кыя чабат. Анткени аларда “аял кишинин колунан өлгөн жоокер шейит кетпейт” деген тыянак эле. Кенесары, Ноорузбай да аялдардын колунан өлүп атканына абдан нааразы болушкан экен. Бул ошол кездеги түшүнүктөн алганда өтө катуу кыйнап, жазалоо болуп эсептелет. Уламышка караганда, нааразы катары жыйылган элдин башында өткөн жылы күйөөлөрүн, бала-чакасын, Кенесарынын канчы желдеттери (палачтары) кандай мыкаачылык менен өлтүргөнүн өз көздөрү менен көргөн Калпактын, Жаманкаранын, Ормонбек, Суванбектердин аялдары болушкан. Кыязы ошолор чапса керек.
Эл арасында эң кеңири тараган варианты ушул. Чүйлүк солтолордун санжырачылары же жөнөкөй эле уккан-билген адамдары дээрлик ушул бир гана вариантын айтышат. Ошондой эле согуш бүткөндөн кийин орус бийлиги тарабынан Кенесары, Норузбайдын кантип өлтүрүлгөндүгү туурасында жеңиштин ээси болгон ар бир уруунун өкүлдөрүн сурап көрсөтмө алышкан. Бул көрсөтмөлөрдүн ичинен Бугу уруусунун өкүлдөрү Боронбай, Качыбек, Мураталы берген көрсөтмөлөрү (национально-освободительная борьба казакского народа под предводительством Кенесары Касымова. 478-бет) чүйлүктөрдүн варианты менен дал келет. Бул сыяктуу ар кандай жоромолдор өтө көп. Бул жоромолдордун ичинен Кенесарыны кыйнап кескилебей эле, башын аялдар кыя чапканы чындыкка жакын келет. Анткени Сибирь генерал-губернатору кинязь Горчаковдун Кенесарынын башын сураткан себеби, башты өз көзү менен көрүп, таанып, Кенесарынын анык өлгөнүнө ишениш керек болчу. Кенесарынын башын ошол кезде Капал чебинде туткунда жаткан Төрөгелдиге алмашууга кыргызга шарт койгон. Эгерде кээ бир авторлор айткандай кулак-мурдун кескилеп, же казанга бышырып салса, таанылбай калмак. Ошентип Кенесары хандын кыргызга жасаган бүт чабуулу ийгиликсиз аяктап, акыры өзү менен кошо бүт жоокерлеринин башын жутат.
Кыскасы, Кенесарынын башын ким алып барса да, Капал чебине Батыш Сибирь генерал-губернатору кинязь Горчаковго жана чек ара башчысы генерал Вишнескийге жеткиришкен. Алар көптөгөн аныктоолорду жүргүзүшүп (аны жакын билген өзүнүн тууган-туушкандары, казак төрөлөрү, орус офицерлери, лазутчиктер, анын кол алдында кызмат кылган жоокерлер, ж.б. көрсөтүп сурамжылоо жолу менен) Кенесарынын башы экендиги толук такталгандан кийин гана кинязь Горчаков кыргыз манаптарын чакырткан. Бирок, чакырткан манаптар өздөрү барбастан, Ормон Үмөталыны, Жантай Калыгул Алыбек уулун, Жангарач Жалаңтөштү жиберет. Алар барганда Горчаков Кенесарыны ким өлтүрөндүгүн сурайт. Барган үчөө пендечилик кылып, “биз өлтүрдүк” деп талашып калышат. Ошондо Горчаков аларды бирден сурайт, кантип өлтүргөндүгүн. Алардын ичинен Жантайдын өкүлү, Калыгылдуку туура чыгып калат. Ошентип, тарыхта Субанбек, Ормонбектердин иниси Кожобек, Таштанбектин болоту менен башын кыя чапкан болуп жазылып калган.
Мистенин ашуусун аша качкан Норузбайды кыргыз баатырлары артынан сая түшүшүп, Ыргайтынын талаасынан кууп жетишип, колун талкалап, өзүн колго түшүрүп келишет.
Ыбырайым Абдырахманов, сарбагыштын чечей уруусунун жоокерлери туткундарды алдыга салып, бош эле айдап келатышса, таштын түбүнөн бир казак жашынган жеринен чыга калып, “төрөм, быякта эмне кылып жүрөсүз?" деп кыйкырып жиберет. Кыргыздар Норузбай экендигин билишип, дароо колу-бутун байлап, алып келишет. Норузбай кыргыз элине канчалык кыянатчылык кылып, азап-тозокторду башына салса да, кыргыздар анын эрдигин баалашкан. Сурак жүргүзүп жаткан бийлер “баатыр, дүйнөдө эмне арманың бар?” дегенде, Норузбай: “Дүйнөдө эч деле арманым жок. Болгону соодагерден кырк төөнүн жүгүн түшүрүп алдым эле ошону ачканым жок. Бир сулуу кыз бар эле ошого нике кыйдырбай калдым” дейт. Бийлер “анда арманыңдан арылтыш деле колдон келерлик иш экен, сени аман кетирели, кечирим сура, Кенесары болсо өлдү” дейт. Бирок Норузбай жалпы кыргыз элине тилин тийгизип, "Ормонбегиңди ойрондогон, Субанбегиңди сулаткан, Калпагыңды талпак кылган колум осы" деп керсейип туруп алат. Ошондо өткөн жылы согушта көп кордук көргөн солто уруусунун аялдары найза менен бышкылап салышкан дейт. Норузбай ошондо да тилин тартпай койгон имиш.
Ошентип кыргыз эли кезектеги өзү келип катылган жоонун катыгын берип, улутубуздун тукум курут болуудан сактап калышкан. Согуш 1847-жылы 22-августа Талды-Коргондогу Капал чебинде Генерал Вишневскийдин ортомчулугу астында Кыргыз-казак тынчтык келишимин түзүү менен аяктаган.
(Уландысы бар)
Кадырбек Жекшелаев, тарых изилдөөчү
"Азия Ньюс" гезити











