“Чек ара өткөрүү бекеттериндеги оор жүк ташуучу унаалардын кезек күткөнүн айта берип чарчадык”

“Кыргыз-казак чек ара өткөрүү бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын кезек күткөнү көнүмүшкө айланды. Бул көйгөй ишкерлерге тоскоолдук жаратууда. Маселени чечсе болобу?” деген соболду белгилүү экономисттерге узаттык.
Кубан Чороев, экономист:
-- Бул маселе көптөн бери чечилбей келе жатат жана маал-маалы менен кыргызстандык ишкерлерге ыңгайсыздык жаратып, таасир берүүчү экономикалык жана саясый инструментке айланып калды. Муну мамлекет башчылары бир компромисске келип туура чечпесе, Кыргызстан тарап да адекваттуу инструменттерди колдонууга мажбур болот. Мисалы, суу ресурстары менен камсыздоого чектөө киргизүү жана башка. Бирок, коңшу мамлекет катары кыргызга каны, тили, дили менен эң жакын боордош мамлекет катары, бир экономикалык уюмдун мүчөсү катары маселени чечүүчү ресурстарды толук колдонуу шарт.
Нурлан Токобаев, экономист:
-- Муну чечүү жолдорун айтып берүү мен үчүн абдан оор. Себеби, бул мамлекет тараптан чечилчү маселелердин бири. Эки тараптын бийлик өкүлдөрү келишип, ортого маселени кабыргасынан коюп, эки тараптын бирдей кызыкчылыгын эске алып карабаса, өтө оор маселе.
Темирбек Ажыкулов, экономист:
-- Чек ара маселесинде, анын ичинде бажыда саясый чечим кабыл алынып, эки кошуна ынтымакта иштеши керек. Расмий жана эки же көп тараптуу келишимдерде маселе жок экенин көрүп эле жүрөбүз. Анткен менен ар бир учурда чек ара өткөрүү бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалардын узак мөөнөттөргө кезек күткөнүн биз да айта берип чарчадык.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити