Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

22-ноябрь, 20:30
458 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде

IX. Сөз менен иштин төптүгү – Манас атанын адептик наркы

Сөз менен иштин биримдиги кечээки ата-бабаларыбыздын моралында адамды баалоонун негизги чен-өлчөмү болуп келген, бүгүнкү күндүн этикасында да, бул нерсе инсандын адеп-ахлактуулугунун башкы критерийлеринин бири. Буга байланыштуу эл ичинде “Эрдин сөзү эки эмес”, “Эрдин мыктысы ишинен билинет”, “Сөзүң менен ишиң айкалышсын”, “Сөз – үрөн, иш – мөмө”, “Жакшы адамдын сөзү менен иши бир” деген сыяктуу кишиге алдын ала багыт берип, талап койгон макалдар жашап келет. Кишинин сүйлөгөн сөзү, берген убадасы, шерти, анты кургак сөз, куру чечендик бойдон калса, анда мындай оозу менен орок оргон пендеге “Сөзгө – баатыр, ишке – бакыр”, “Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе”, “Сөзү калса талаада, өзү калат балаага”, “Куру сөздүү куу чечен учуп жүргөн камгактай” деген сыяктуу макалдардын ачуу жебесин багыттап келген. 

Манастын эл алдында берген, өйдө жакта келтирилген антын дагы бир жолу эске түшүрөлү:

«Алты сан аман турганда,

Ыйык кыргыз жеримди,

Душмандын буту баскыча,

Асыл кыргыз элимди,

Тебелетип бөтөнгө,

Кор кылып карап жаткыча,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн,

Аткарбасам антымды,

Төшү түктүү жер урсун!

Көкө Теңир өзү урсун!»

Манастын эл-жердин эгемендүүлүгү жөнүндөгү идея-ишеними тил учунда жашаган жалган ураан эмес эле. Бул ишеним бала кезинен Манастын аң-сезимине тамырлаган, жүрөк-жүлүнүн уялаган, кан-жанына таралган, өзү менен өзөктөш ишеним болчу. Мына ошондуктан жогорудагы Ата журт жөнүндөгү ант Манастын тилинин учунан эмес, жан түпкүрүнөн кайнап чыккан, жүрөгүнүн толтосунан атылып чыккан моралдык чындык. Мындай жүрөккө тамырлаган ички ишенимдин чындыгынан, анттан баш тартуу кыйын. Анткени бул үчүн өзүңдүн жүрөгүңдү айырышың керек. Бул өзүңдү өзүң “айрыганга” тете. Бул Манас үчүн мүмкүн эмес. Мына ошондуктан Манас өзүнүн анты үчүн башын канжыгага байлап, өрт кечип, кар бороонду беттеп, эркиндик үчүн күрөшкө чыккан. Акыры чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган. Кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган. “Калкым кыргыз сен үчүн курман болуп кетейин” деген сөзү төгүн эмес экен. Чынында эле элинин бактысы үчүн Манас өзүн курмандыкка чалды. Убада шертин аткаруу үчүн аттанып чыккан азаптуу жолдо мойнуна айбалта чабылып, белине найза сайылып, алган жараатынан мезгилинен эрте бул дүйнө менен коштошту. Бирок шер Манастын ааламда жок каармандыгы жана эрдиги аркылуу кыргыз эли кайрадан Ала-Тоого жыйналып, өз алдынча журт болуп, азаттыкка чыгып, эгемендүү мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп, эңсеген мүдөөсүнө жеткен. 

Сөз менен иштин айкалышы жөнүндөгү жалпы адамзаттык моралдык норманы алып жүргөн каарман катары Манастын образы дүйнөлүк универсалдуу өрнөктүн даражасына көтөрүлүп турат десек жаңылышпайбыз. 

Бүгүнкү күндө адамдардын адеп-ахлагында сөз менен иштин ажырымдыгы күчөп, жоопкерчилик деген нерсе дефицит болуп, эки жүздүүлүк, жүрүм-турумдун кош стандарттулуугу активдешип турганда, кооз сөздөрдөн, кургак убада-ураандардан маска кийген шылуундар жаандан кийинки козукарындай көбөйүп жатканда, айтканын айткандай, дегенин дегендей аткарган, сөзү менен иши айкалышып турган Манас атанын атуулдук адеп-ахлагы биз үчүн маңдайда жаркырап күйгөн нравалык маяк экени чындык.


X. Тарыхый эстутум баалуулугу

Эстутум, тагыраак айтканда, тарыхый эстутум дегеле жарык дүйнөдө адамды айбандан айырмалап турган, адамдын адам экенин таанытып турган эн тамга. Эстутумсуз адам жок, адам коому да жок. Адам өзү социалдык тарыхтын туундусу. Тарых менен тагдырлаш, ата-бабалары менен киндиги туташ экендигин киши эстутум аркылуу тааныйт. Эстутум аркылуу тарыхтын кербен көчүнүн жолунда, муундар аралык өтмө-катыштыктын тутумунда өзүнүн ордун, ким экендигин, милдети кайсы экендигин аңдап билет, бүгүнкүсүнө жана келечегине баам салат. Эстутум даанасын айтканда, адам баласынын жашоосунун формасы жана өзүн-өзү сактоосунун органы. Эстутум коомдогу уламалуулуктун ар дайым тынымсыз иштеген жана күн-түн чыңалууда турган механизми. Манас доорундагы кыргыз социуму тарыхый эстутумдун ушундай түрдөгү улуу маңызын көкүрөк-көөдөнү менен туйбай, даанышман акылы менен аңдабай койбогон. Көчмөндөр цивилизациясында кишинин эстутуму анын адам жана атуул экендигинин критерийи катары каралган. Кишинин жети атасын билгендиги анын жамааттын мүчөсү болууга татыктуулугунун көрсөткүчү болгон. Ал эми жети атасын билбеген пенде кыргызда “түбүн тааныбаган түпсүз кул” аталып, башы кара, буту айры макулук катары саналган, шылдыңдоонун жана келекелөөнүн объектисине айланган.

“Манас” дастанында бала Манастын социалдашуу процессинде тарыхты таанытуу усулунун биринчилерден болуп кызматка чегилишин мыйзамченемдүү нерсе катары кабылдайбыз.

Бай Жакып зарлап жүрүп тапкан чүрпөсү Манасты маңдайына отургузуп алып, моминтип саймедиреп турат: “Чоң атаң аты Ногой деп, каратып турду Кашкарды, Кара-Шаарга жеткенче, хан атаң Ногой башкарды, балам, бабаң Ногой тушунда, согушкандар сойлогон, лоп жакасын жердеген, ойротко намыс бербеген”. Андан ары карай “түпкү атабыз Каракан, Каракандан Огузкан... деп узун сабак сөзгө түшөт. Жакып баланын адам болушу түбүн таануудан башталат деген терең ишенимде. Ошондуктан Жакыптын бул сөзү чүрпөсүн алаксытуу үчүн айтылган жан гана жайынча кооз кеп эмес, Манастын кишилик келечегин түптөө үчүн чын дилден күйүп-бышып сүйлөгөн атанын тарбия камкордугу. Азыркы тил менен айтканда, тарыхый эстутумду каймактатуу Жакып ата үчүн бала тарбиясынын биринчи алиппеси. Бала Манас ушинтип адегенде Жакып атасынын “оозеки мектебинен” окуп, анын жети ата жөнүндөгү “алиппеси” менен таанышат.

Баатыр ата-бабаларынын таржымалынын мисалында тарыхый эстутумга тарбияланган Манас: “Биздин элди сурасаң, баатырлар менен жүрөктөш, балбандар менен билектеш, эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, бөрү жалдуу кабылан, бөтөнчө эл-журт олуя, беттеп адам барбаган” деп бекеринен сыймыктанып айтып турган жок. 

Өсүмдүктү карасак, ал тамырсыз болбойт. Тамыры болгон үчүн ал гүлдөп өсөт. Тамырынан ажыраса өсүмдүк купкуу сөңгөккө айланат, бир заматта соолуп, куурап жок болот. Адамдын да тамыры болот. Анын тамыры – “жети ата”. Бала ошол жети ата тамырды таануу аркылуу адам болот. “Жети ата” деген жалпыланган кеңири мааниге ээ. “Жети ата” – бул ата-бабалардын, калайык-калктын тарыхы, тили, салты, дили, дини, маданияты. 

Т.Сыдыкбековдун “Көк асаба” тарыхый романында эзелки кыргыздардын салтында жаш баланы туулган жердин топурагы менен таткантуу, жалатуу, ал топурактан тумар жасап, мойнуна тагуу ырасмысы болгондугу жазылат.

Кыргыздар мына ушинтип, адам баласынын башаты, башталышы туулган жерде экендигин балага туйгузууну, билгизүүнү анын кенедей кезинен баштаган. Дагы бир жолу айталы, кичинекей кулунчакка, “туякка”, тукумга биринчи иретте башатты, тамырды таанытуу, эстутумду түптөө кыргыздардын таалим-тарбия системасында өзүнчө бир айныгыс мыйзам катары жашаган. “Манаста” “айтып берчи кулунум, ата-бабаң айылыңды, ары түбү дайыныңды” деп бекеринен айтылбайт. Кыргыздардын педагогикалык философиясында бала өз бир боор эл-жеринин кыртышынан тамырлап, чынар дарак сыяктуу бүчүрлөп өсүп чыгууга тийиш, башкача айтканда, өз улутунун топурагынан “программаланып” чыгышы керек. Ошондо гана ал өз элинин адамы, азаматы боло алат. 

“Манастын” педагогикасы – бул балада тарыхый эстутумду тарбиялоо аркылуу улутту сактоонун педагогикасы. Саны аз калктарды ассимиляциялап жутуп коюуга жөндөмдүү бүгүнкү глобалдашуунун агрессивдүү чабуулдарынын шарттарында “Манастын” бул улуу педагогикалык сабагын, же башкача айтканда, бабалардын бала тарбиялоо даанышмандыгын эске бекем түйүү жана пайдалануу жаш муундарыбызда улуттук иденттүүлүктү, этномаданий аң-сезимди калыптандыруу үчүн аба менен суудай зарыл нерсе.


Советбек Байгазиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер