Карантин! Кайын энемдин көңүлү бузулуп...

Жетпеген турмуштун айынан кайын энемдин үйүндө жубайым менен күн кечирип келем. Бир уулум бар. Мындай жашоо жакшы эмес... Ортодон ыңгайсыздыктар жаралганы Россияга да барып, бир жылдай иштеп келдим. Тапкан тыйыныма автоунаа алып, жаңыдан эле такси кызматына киргем. Анан минтип карантин башталып калды...
“Абал тынчыганча сыртка чыкпай отур” деп кайын энем айтканынан жумушту токтотуп койгом. Эртеден-кечке зеригип, жата берип жамбаш да талып кетти. Ары-бери кенен баса албай, туалетке кирип чыксаң да кысылып. Түн ичинде жатканда да кенен-кесир төшөк кумарына бата албайсың. “Тиги мастен аңдып атабы?” дегендей кооптонуп. Кечээ күнү ваннага кирип баратып, кайра чаңкаман кете жаздадым. Жыпжылаңач кайын энем жуунуп жатыптыр. Эшигин да илип албайт. Жашы 50гө барып калса да фигурасын жакшы сактаптыр...
Ошондон кийин таксовать этип чыгып кеттим. Түнү бою иштеп, үйгө кеч бардым. Келинчегим уктап калып, кайын энем эшикти ачты. Кызуу экен. Башкача көз менен карайт да, сүзүлүп... “Чай ичели?” деп сөзгө таркысы келди окшойт. “Курсак ток. Чарчадым...” дедим. Алдастап калдым. Уктоочу бөлмөгө шаштым. Буга бирөөнүн таап бербесем, жаман дүүлүгүп жүрөт окшойт...
Каныбек, таксист
Aryba.kg