Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаш кызга азгырылып, бирок аялыма кайрадан ашык болдум...

Жаш кызга азгырылып, бирок аялыма кайрадан ашык болдум...

12-март, 21:30
10 247 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аялым экөөбүздүн никебизге жарака кетип, мамилебиз муздап баштаганда, жаркылдаган, жашоонун түйшүгүн ойлобогон, сулуу, жаш кызга жолуктум. Ал сулуу менен мамиле куруп, аялым менен болгон солгун мамилени унуткум келди. Бирок, аны бир жерлерге алып барып көңүл ачып, акча коротуп, аялымдан, дос-туугандан жашырынып жүргөндү ойлогондо, бул оюман кайра тарттым. Ушунун баары мага керекпи?” дедим. Баарын салмактап отуруп “а эмне үчүн аялым менен баарын кайра баштасам болбойт? Башкага короткон акчаны өз аялыма коротуп, аны жакшы жерлерге алып барып, белек берип көңүлүн алып, аны кайрадан таанып баштасам, мага эмне тоскоол болмок эле?” дедим. Анан бул оюмду акырындан ишке ашырып баштаганда, аялымдын күн өткөн сайын жүзү жайнап, жадырап, сулуу болуп, мага болгон мамилеси өзгөрө баштаганын байкадым. Аялыма кайрадан ашык болуп, баягы жаш кыз менен мамиле куруу жөнүндөгү оюм үчүн ичимен уялып, “аял – өз күйөөсүнүн күзгүсү” деген сөздүн чындыгын жонтерим менен сезип турдум. Аялга кандай мамиле жасасаң, ал ошондой болуп өзгөрөт. Аял сыры ушунда экен!


Нуртай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер