Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныгы Хасбик укса, “атымды булгап атасың” деп Азаматты кыйнайбы?..

Чыныгы Хасбик укса, “атымды булгап атасың” деп Азаматты кыйнайбы?..

18-май, 13:48
647 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыска аралыкта, акыркы эки айда эле Бишкек ШИИБнин онго жакын кызматкерлери ар кандай кылмыштарды жасашып, УКМК жана ИИМ тарабынан камалышкан. Өтө кейиштүү. Бул эмнени билдирет? Маселенин учу барып “Хасбик” каймана атындагы Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевдин жетекчи катары алсыздыгына, шалаакылыгына, өздүк курамды тазалыкка сүрөй албаган кашаңдыгына такалабы? Эгерде мунун ордунда абийирдүү начальник болгондо, чечкиндүү чечим кабыл алмак. “Мен жогорку жетекчиликтин ишенимин актай албадым, көп катачылык кетирдим, коллективдин астында да авторитетим жок экен!” деп кызматын тапшырып баса бермек. “Андан көрө чогултуп алган мүлктөрүмөн аренда акысын алып, бизнесимди улантайын” демек. Тилекке каршы, Азамат Токтоналиев креслосунда тырышып отурат. Тогуз айдан бери өзүн көрсөтө алган жок, укканы сөгүш! Кыскасы, Бишкек шаарынын башкы милициясы катары милдетин так аткара албай, аксап калды. Өздүк курамда да кадыр-баркы жок экен. Жетекчилерден баштап участковыйларга чейин мазакташып, шалдыңдап жатышканы жалганбы? Эгерде муну чыныгы Хасбик укса, “менин атымды жамынып алып, булгап атасың” деп Азамат Токтоналиевге катуу ачууланмак. Шорун кайнатып, сабап салат беле? Себеби, ал блогердин аброю бийик, өзү да чымыр, кадыресе демдүү жүрөт эмеспи.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер