Болот Шер баатыр болуп узады. Бабанов “коен” болуудан намыстанабы?
Мурдагы депутат Болот Шердин көзү өткөндөн кийин ырлар жазылып, кошок-дастан кошулуп, бир топ мазмундуу сөздөр оболоду. Замандаштары алкап, маркумдун бейнесин ачып берүүгө далалаттанды. Ток этерине келсек, Болот Шердин тайманбай оппозицияда жүргөндөгүсү, баатырдыгы, көк жалдыгы өзгөчө сүрөттөлдү эй! Дагы далай сөз берметтери айтылат... Дал ушунун баарын угуп, көрүп жаткан Өмүрбек Бабанов (сөөк коюуга да катышты) ичинен намыстанып, өзүн жек көрүп алгандай сезимдерге тушуктубу? Себеби, ал бүгүн коркуп, бийликке каш кайтара албай үйүндө көзүн алайтып, тыпыйып отурат эмеспи. Тарыхта “коен” болуп калуудан көрө “акыры башта бир өлүм” деп, Болот Шердей аттана алабы?..
Эске салсак, маркум агабыз 2008-жылы Каркыранын казактарга кетишине каршы чыгып, Түптө бакиевдердин ОБОНдору менен кармашып, патриоттугун көрсөткөн. 2010-жылдын 6-апрелинде Таласты көтөрүп, кандуу бийликти алып түшүүдө Опол тоодой салым кошкон. Болот Шер ушундай эр эле...
Aryba.kg