Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев, эксперт: “Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн кайсы жолду тандаш керек?”

Расул Умбеталиев, эксперт: “Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн кайсы жолду тандаш керек?”

02-июль, 18:23
51 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

– Кыргызстанда энергетикалык кризисти жеңүүнүн эң натыйжалуу жолу кайсы деп эсептейсиз?

– Акыркы үч-төрт жылда бизде энергетикалык кризис тереңдеп кетти. Соңку жылдары дефицит 3,5-4 млрд кВт/саатка жетип, аны импорт менен жаап жатабыз. Жылдан жылга суу азайып, мөңгүлөр кыскарып, биздин гидроэнергетикага таасир берип жатат. Токтогул суу сактагычында суу азайып жатканын көрүүдөбүз. Ушундай шартта күн электр станциясын салып, электр энергиясын өндүрүү туура эле саясат. Альтернативдүү энергия бизге кошумча генерация берип, сууну үнөмдөөгө көмөк болот. Керек болсо бул боюнча атайын программа иштеп чыгып, кабыл алуу кажет.

     Былтыр дагы Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылындагы кубаттуулугу 100 мегаватт болгон күн электр станциясы курулуп башталган. Эми болсо Кызыл-Өрүктө 175 мегаватт болгон станция башталып, ал 1900 мегаваттка чейин жетери айтылды. Бирок канчалык масштабдуу деп айтылбасын, бир эле күн электр станциясы биздеги дефицитти жаба албайт. Анткени булар 3,3 млрд кВт/сааттык жылдык өндүрүшкө алдыңкы үч-төрт жылда гана барып чыгабыз деп жатышат. Менин эсебимде, көлөм мындан азыраак болот. Себеби күн электр станциясы жалаң күндүз – 10-12 саат гана иштейт. А бизде алдыңкы жылдары жылдык дефицит 5-6 млрд кВт/саатка жетип калат. Маалым болгондой, биздин керектөөчүлөр таңга маал жана кечке маал өтө көп электрди керектейт. Албетте, коопсуздугу эске алынса Ысык-Көлгө, күн көп ысыган Баткенге, Ошко, Жалал-Абадга жана башка облустарга да күн панелдерин кура берсе болот. Бирок канчалык масштабдуу болбосун, бир гана күн станциясынын көзүн карап олтура берген болбойт.

Биз суу электр станцияларын көбөйтүп, ири ГЭСтерди курууга басым жасаганыбыз туура. Суу азайды, бирок биринин артынан бирин куруп, ГЭСтер каскадын салсак, бир эле сууну беш-он жолу колдоно алабыз. Ошол эле Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, Көкөмерен ГЭСтер каскадын, Камбар-Ата ГЭСтер каскадын тездетип, башка да орто жана чакан станцияларды салышыбыз керек. Биз күн жана шамал электр станциялары сала беришибиз шарт, гидроэлектр станцияларынын балансын сактоо зарыл.

     Белгилей кетсек, Кыргызстанда ушул тапта жети ири гидроэлектр станциясы бар. Алар: «Токтогул» (1200 мегаватт), «Күрп-Сай» (800 мегаватт), «Таш-Көмүр» (450 мегаватт), «Шамалды-Сай» (240 мегаватт), «Үч-Коргон» (180 мегаватт), «Камбар-Ата-2» (120 мегаватт) жана «Ат-Башы» (40 мегаватт) ГЭСтери.

     Мындан сырткары, эки ири жылуулук электр борбору – Бишкек ЖЭБи (812 мегаватт) жана Ош ЖЭБи (40 мегаватт) иштеп келет. Демек, өлкөдөгү жалпы орнотулган кубаттуулук 3892 мегаватт, же болжол менен 3,8 ГВтты түзөт.

                                                  Гүлжан Төрөбаева

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер