Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айрым мектептерде ысык тамак берилбей калды

Айрым мектептерде ысык тамак берилбей калды

21-февраль, 17:52
570 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азык-түлүк кымбаттагандыктан, айрым мектептерде окуучуларга булочка, компот берүүгө өттүк. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Жыйында эл өкүлү мектептердеги ысык тамак темасын көтөрүп, депутат Айгүл Айдарова министрдин орун басарына “мектептердин ашканасына кирип, жети сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?” деген суроо узаткан.

“Арзан кезинде жеп көргөм. Абдан даамдуу болчу. Бирок азыр азык-түлүккө болгон баа абдан өсүп кетти. Баалар кымбаттай баштаганда жеткирүүчү компаниялар да келбей калды. Бул боюнча каржы министрлигине бир нече жолу кат жөнөттүк. Башталгыч класстарга бир эле жолу тамак берилет. Бул жаатта абал оор, кыйналып жатабыз. Тамак-аш сатып алуу кыйындагандыктан, компот менен булочкага өттүк” деди Жусупбекова.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер