Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мырзабек Жапаркулов мамлекеттик курулуш агенттигин талкалап тынабы?

Мырзабек Жапаркулов мамлекеттик курулуш агенттигин талкалап тынабы?

02-июль, 21:00
943 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушундай. Мамлекетик курулуш агенттигинин директору Мырзабек Жапаркуловдун ишенген кожосу күчтүү окшойт. А болбосо, бул эргулдун жоопкерчилиги каралмак. Себеби, кол астында иштеген кадрлары коррупцияга айыпталып, ашмалтайы чыгып келатат. “Балык башынан сасыйт” деген кеп бекер айтылбаса керек. Башкы жетекчи таза болсо, андан кийинкилери да жипке тизген шурудай бир кылка ишенимдүү көрүнмөк да. Тилекке каршы, Мырзабек Жапаркулов бүтүндөй жамаатын башкара албай, мамлекеттик кызматтын баркын кетирип атканын танабы? Буга чейин депутаттар тарабынан да бир топ сын-пикирлер айтылган. Системадагы коррупция, сапатсыз курулуштар, кадр саясатындагы алешемдик, шалаакылык ж.б. Тилекке каршы, арбын кемчиликтер көзгө сая көрсөтүлгөнү менен жыйынтык жок. Катачылыкты оңдоону көрө албай келебиз. Тийешелүү органдар качан тыкыр иликтеп чыгышат? Эртең кеч болуп калышы ыктымал. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер