Акыркы кабарлар
» Саясат » Шакиев келечектеги баш калкалай турган жерин белендеп алдыбы?
Шакиев келечектеги баш калкалай турган жерин белендеп алдыбы?
13-октябрь, 09:00


Өткөн аптада Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь президенти Александр Лукашенконун астында бөйпөңдөп отуруп алып, өлө жагалданды. Көрүп отуруп уяласың да. Ошол жерден бир кызык нерсени баамдадык. Шакиев Минскиге алтынчы жолу келип атканын баса белгиледи. Тымызын Курманбек, Жаныш Бакиевдерге каттап жүргөнүн байкабай “балп” эттирип алды окшойт. Түбү бир булар байланышын үзүшмөк беле? Анан калса, кошоматты жөн кылбаса керек. Эгерде жаза тайып Кыргызстандан Шакиев кубаланып чыкса, баш калкалай турган жерин алдыртан даярдап, келечек жашоосуна кам көрүп койгонубу? Убакыт көрсөтөт. Бакиевчилер Минскиден башка шаарга батышпаса керек...
"Азия Ньюс" гезити











