Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Турсунбек Акун: “Биз Садыр Жапаровдун ант берүү аземиндеги сүйлөгөн сөзүн ишке ашырып жатабыз”

Турсунбек Акун: “Биз Садыр Жапаровдун ант берүү аземиндеги сүйлөгөн сөзүн ишке ашырып жатабыз”

20-август, 11:22
2 403 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Турсунбек агай, эгемендүүлүктүн отуз жылдыгына арналган “тегерек үстөлдө” кайсы маселелер козголду? Кимдер келди, эмне тууралуу сөз болду? 

-- 31-августта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө, көз карандысыздыгына туура 30 жыл болот. Бирок, пандемияга байланыштуу орчундуу иш-чара өтө элек. Ошондуктан кечээги жыйын эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган биринчи саясый иш-чара болду. “Тегерек үстөлгө” эгемендүүлүктүн тарыхына катышкан, эгемендүүлүккө эмгек сиңирген, эгемендүүлүктүн ысыгына күйгөн, суугуна тоңгон Кыргызстандагы белгилүү  саясатчылар, коомдук ишмерлер келди. Бийликке кеңештерин айтып, сунуштарын беришти. 

-- Бул иш-чара сиздин демилгеңиз менен болдубу же жогору жактын тапшырмасын аткардыңызбы? 

-- Мен демилге көтөрүп, жогору жак колдоду. Ошон үчүн аталган “тегерек үстөлгө” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, президенттин кеңешчиси, президенттик аппараттын бөлүм башчысы, спикер Талант Мамытовдун өкүлү, өкмөттүн өкүлү келип катышты. Тагыраагы, президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзү “тегерек үстөлдүн” негизин, өзөгүн түздү. Садыр Нургожоевич “мен президенттик ишимди Кыргызстандагы коомдук саясый күчтөрдүн башын бириктирип, улуттук диалог, баарлашуу аркылуу ишти кеңешип алып барам. Мамлекетте стабилдүүлүктү, бейпилдикти камсыз кылам” деген. Биз мына ошол маселенин алкагында “тегерек үстөл” өткөрдүк. Эң башкы максат – конфронтация эмес, консолидация болду. “Канткенде өлкөбүздүн ынтымагын, стабилдүүлүктү камсыз кылабыз? Канткенде оор абалдан чыгабыз? Канткенде улуттук диалогго келе алабыз? Кантип президентке жардам беребиз?” деген маселелердин алкагында сүйлөштүк. Кыскасы, баардык маселени ачык айткан мамлекеттик органдар менен саясый күчтөрдүн ортосундагы кенен баарлашуу болду. 

-- Улуттук диалог, курултай өткөрүүгө токтолупсуңар. Сиздер демилге көтөрүп, өткөрөлү деген курултай Конституцияга кирген жалпы элдик курултайбы же башкабы? 

-- Туура, талкуунун жүрүшү менен “тегерек үстөлдүн” катышуучуларынын ичинен жалпы улуттук курултай чакыруу демилгеси көтөрүлүп, баарлашууну курултайдын деңгээлинде өткөрүп, чоң маселелерди ошол жерде талкуулайлы дегендер да болду. Кыскасы, омоктуу сунуштар берилди. “Улуттук диалог өткөрөлү, форматын кеңейтели. 100-150 киши катыша турган форум кылалы” дегендер да болду. Буюрса, күздү ортолоп, атын кандай атарыбызды билбейм, бирок, 100-150 киши катышкан чоң жыйын уюштуруу чечимине келдик. Буюрса, биз өткөргөн жыйын консолидация болот. Биригүү, бириктирүү миссиясын аркалайт. Биз биригүү, сүйлөшүү жолу менен гана ынтымакка келип, өлкөдөгү тынчтыкты сактап кала алабыз. Баардык нерсени төңкөрүш, согушуу жолу менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет жасайбыз. 

-- Кандай сунуштар болду? 

-- Легендерлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов мамлекеттик катчыга өзүнүн сунуштарын, кеңештерин берди. Ошондой эле баардык оппозициялык күчтөргө, оппозицияга калыс мамиле кылуу зарылдыгын айтты. “Бир жактуулукка жол бербегиле” деди. Бийликтин өкүлдөрү Чолпонбек Абыкеев, Бекбосун Бөрүбашев да улуттук диалог керек экенин, Конституциянын 7-беренесине кирген жалпы элдик курултайды уюштуруу зарылдыгына токтолушту. Президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев мындай жыйындарды демин суутпай тез-тез өткөрүп туруу зарылдыгын да белгилеп кетти. Кыскасы, эки тараптын тең купулуна толгон, ачык айтып, ак сүйлөнгөн жакшы жайын болду.


Чынайым Кутманалиева 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер