Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Лениндин эмгегин эч ким тана албайт. Тарыхка түкүрбөйлү!”

Исхак Масалиев, ЖК депутаты: “Лениндин эмгегин эч ким тана албайт. Тарыхка түкүрбөйлү!”

24-январь, 00:41
1 168 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, Лениндин айкелин башка жакка жылдыруу боюнча маселе бир көтөрүлүп, кайра басылып калды окшойт...

-Бул токсон депутаттын бирөөсүнүн, вице-спикердин гана пикири болчу. Мен өз позициямды билдирген соң, ошол эле күнү президент менен өкмөттүн өкүлдөрү андай маселе жок деп ачык айтышты. Аларга доомат койгон эмесмин, өзүмдүн кесиптешиме айткам, “токтоткула андай сөздөрдү деп. Мен курсанмын, айкелге эч ким тийбейт, эч жакка жылдырылбайт деп так жооп берилип калды. 

-Анда Бишкектеги райондордун да аттарын өзгөртпөш керек дейсизби?

-Ачык айтканда, Свердлов району боюнча маселе болушу мүмкүн. Себеби, ал кишинин тарыхтагы орду талаштуу. Свердловск деген аталышты орустар өздөрү өзгөртүштү. Ал эми Ленин, Октябрь, Биринчи Май райондору боюнча эч кандай маселе болбоого тийиш. Анткени, Биринчи Май – бул эмгекчилердин эл аралык күнү, жаз майрамы. Октябрь ыңкылабы биздин 1916-жылдагы кыргындан сактап калган. Эч ким кыргыздарга жамандык кылды деп айта албайт. Лениндин эмгегин да эч ким тана албайт. Тарыхка өтө аяр мамиле зарыл. Ошондуктан, маалымат бергенде, китеп жазганда тарыхка түкүрбөш керек.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер