Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлсана Бапаева: “Ковидди организмден толук чыгарбаса, ал клеткаларды жабыркатат”

Гүлсана Бапаева: “Ковидди организмден толук чыгарбаса, ал клеткаларды жабыркатат”

01-январь, 15:16
4 059 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Ковиддин организмге тийгизген кесепеттери тууралуу айтып өтсөңүз?

-- Ковид – вирус чакырган оору. Вирус организмге киргенден кийин ал өзүнчө жашай албайт. Ал биздин клетканын ичине кирип жашайт. Анын жаман жагы, сыртында май катмары бар. Ошондуктан ага эч нерсе таасир бербейт. Организмде жашап, ошол жердин иштөө функциясына зыянын тийгизе берет. 

-- Ковид менен ооруган адамдын организминен вирус канчадан кийин толук чыгат? Дегеним, учурда көпчүлүк адамдар вирустан кийинки ар кандай симптомдор байкалып атканын айтышууда.

-- Вирус эки жумага чейин организмде отурукташат. Андан кийин бат-бат чарчоо, терең дем алганда өпкө толук ачылбагандай симптомдор болуп атат. Ошондуктан, вирус организмден толук чыгып кетти деп айтууга болбойт. Ал адамдын организмде канча убакыт жүрөрү да белгисиз. Аны организмден таптакыр кууп чыга албайбыз. Ал клеткаларда зыян бербестен, уктап калышы да мүмкүн. Же тескерисинче, организмде жанданып алган болсо, анда ал клеткаларды акырындап жабыркатат. Демек, биз иммунитетти күчтөшүбүз зарыл. Көп кыймылдап, табыгий жол менен аны тезирээк чыгарууга мажбурлаш керек. 

-- Жалаң эле дары менен айыкпастан, элдик медицина аркылуу организмди калыбына келтирип, толук чыңдап алууга мүмкүнбү?

-- Мүмкүн. Андай тажрыйбалар бизде бар. Ириде адам нерв системасын сакташы маанилүү. Оорудан, күмөн саноодон алыс болсо, организм ар кандай ооруларга каршы тура алат. Кайнатылбаган сууну салмакка жараша күнүнө 2-2,5 литрден ичүү сунушталат. Муну менен кан айлануу жакшырат. Укалоо, диафрагма менен дем алуу ыкмалары да жакшы жардам берет. Чөп дарыларды колдонуу да оң таасир этет. Ошондой эле ичегини дайыма таза кармоо керектелет. 

-- Тамактанууда эмнелерге басым жасоо керек?

-- Бууга жана сууга бышкан тамакка басым жасоо зарыл. Бүгүнкү желген тамакты беш күндөн кийин гана кайталап жегенге уруксат берилет. Бир түрдүү тамакты күндө кайталап жесе, организм аны иштете албай калат.


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер