Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Марлен Маматалиев: “АКШнын Кыргызстанга карата визалык чектөө киргизүүсү боюнча маселени көтөрдүк”

Марлен Маматалиев: “АКШнын Кыргызстанга карата визалык чектөө киргизүүсү боюнча маселени көтөрдүк”

07-март, 15:18
715 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

   “Республика – Ата Журт” фракциясынын ЖК депутаты маек...

-- Марлен мырза, жакында эле АКШга барып келдиңиз. Сапардын максаты эмне?

-- Бир топ мамлекеттерден, ошонун ичинде биздин кыргызстандык депутаттарды да тажрыйба алмашуу, парламентаризмдин өнүгүү маселелерин талкуулоо максатында чакырышкан экен. Биз андан тышкары АКШнын Кыргызстанга карата визалык чектөө киргизүүсү боюнча маселени да көтөрдүк. Он бир сенатор менен жолугуштук, биздин сунуш алар тараптан толук колдоо тапты десек болот. Биз аларга түшүндүрүп, алар бизди түшүнүп дегендей. Алардын арасында бир комитеттин жетекчиси бар экен, ошол киши комитет аркылуу ички иштер министрлигине тапшырма берилерин айтты. Визалык чектөөнү алуу боюнча өз салымдарын кошо турган болушту. 

-- Сенат чечимди өзгөрткөнгө таасир эте алабы?

-- Сөзсүз түрдө. Биздин Жогорку Кеңештей эле алар да аткаруу бийлигине өз тапшырмасын берип, сунуштарын айтат. Ошол жерде жашаган биздин мигранттар менен да жолугуштук. Кубанычтуу нерсе, биздин мекендештер көп жашаган Филадельфия штатында АКШда туулуп, англис тилинде окуп, өз эне тилин унутуп бараткан балдар үчүн кыргыз классы ачылган экен. Комузду, улуттук каада-салттарды үйрөтүп жатышыптыр. Аларга да жолуктук. 

-- Баса, социалдык түйүндөрдө силердин бир сүрөтүңөр аябай талкуу жаратты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

-- Менин бутумдун көтөрүлгөнүн эмес, биз койгон, биз көтөргөн маселелерди айтып, талкуулашса жакшы болот эле. Ким эле барып, өлкөбүз үчүн өтө маанилүү маселени комитетке чыгарып, талкуу кылып жатат? Ушуну айтып, ушуну талкуулаш керек эле. Бул бир жагы. Экинчи жагы, мен атайылап антип турган эмесмин. Бутум талып  кетип, силкийин деп көтөргөн маалда кадрга илинип калыптыр. Үчүнчүсү, ал жолугушуу учуру эмес болчу. Жолугушуу эчак бүтүп, мен коллегам Алмаз Эргешов менен жөн гана сүйлөшүп тургам. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер