Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Коон-дарбызды сырттан алып келүүгө тыюу салган туура эмес”

Аманкан Кенжебаев, ЖК депутаты: “Коон-дарбызды сырттан алып келүүгө тыюу салган туура эмес”

29-июнь, 21:19
399 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Аманкан Батырбекович, айрым кесиптештериңиз жашылча-жемиштердин баасы төмөндөп кеткенине байланыштуу Түркмөнстан менен Өзбекстандан бул товарларды алып келүүгө убактылуу тыюу салууну сунуш кылышууда. Бул сиздин оюңузча канчалык туура чечим болот?

-Биз бүгүнкү күндө тыюу сала албайбыз. Анткени, биз Бажы биримдигинде беш мамлекет менен кол коюшканбыз. Анда сатуу-сатып алуу боюнча мыйзамдардын баары жазылган. Бүгүн биз киргизбей койсок, эртең алар да биздин продукцияларды албай коюшат. Карым-катнаш үзүлүп калышы мүмкүн. Биз да товарларыбызды сатышыбыз керек да. Биздин деле машиналарыбыз күнүгө Россияга, Казакстанга чыгып атат. Мен түшүнүп атам, сырттан эт же жумуртка кирсе, биз пошлинаны көтөрүп койсок болот. Бирок, жашылча-жемиш бат бузулчу товар. Андыктан, ага тыюу салган туура эмес болот. Ал эми жанагы баалардын түшкөнү... Бул боюнча айыл чарба министрлиги, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы иштеши керек. 

-Анда дыйкандарга дотация берилиши керекпи?

-Продукция өндүрүүгө, сатууга жардам берүү зарыл. Дыйкандарга мамлекет ансыз деле жардам көрсөтүүдө. Табигый кырсыктарды жоюу боюнча жумуштар жасалып, салыктан бошоткон учурлар болууда. Мамлекет иштеп жатат. Эми жергиликтүү бийлик жакшылап иштеши керек да. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер