Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атыр Абдрахматова “бийликтин башын аттаганы” үчүн кызматтан алынды

Атыр Абдрахматова “бийликтин башын аттаганы” үчүн кызматтан алынды

04-май, 18:25
457 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Өз башыңа муш...” дегендей иш болду. Атыр Абдрахматова акыйкатчылык орунга бийликтин колдоосу менен өткөн. Садыр Жапаров көмүскөдөн ишарат келтирсе, Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары добуш беришкени ырас. Анан эмне болду? Ал кызматка келгени бир топ кызматкерлерин жумуштан кетирип, ордуларына кадрларды убагында дайындабай, өз билгенин кылып, өтүгүн төргө илиптир. Бир жагынан бийликке саясый оппоненттери – бейөкмөтчүлөрдү колдоп, оппозициялык маанайга өтүп алганын кантебиз? Акыйкатчы эки тарапка калыс, тең салмактуу саясатын жүргүзүү керек да. Ошентип, негизинен төркүн тарабы көлдүктөр колдоп кызматка жеткирсе, кайра эле алардын “шилтөөсү” менен ыргып кетти го? Убагында жердешчиликке ыктап, кызмат кылып берүү саясаты менен келсе, көпкө узабай айткан сөзүнөн кайтканы, колдогондорго каш кайтарганы үчүн жеңил жазасын алды. Саясаттын сан күлүк ой-кырларын биле жүрүү керек да... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер