Акыркы кабарлар
» Саясат » Табылды Эгембердиев убагында Чыныбай Турсунбековду жогору баалаган
Табылды Эгембердиев убагында Чыныбай Турсунбековду жогору баалаган
10-август, 14:15
1 185 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌«Раматылык Т.Эгембердиев атайын келип: «Чыке, Бишкекте мелькомбинат, Кара-Сууда «Даназык», Балыкчы, Токмокто чоң тегирмендер бар, ушундай чоң аттандаштыкта кыргыздын бир кетирейген баласы тегирмен куруп, иштеткени жатканын угуп, “андан эч нерсе чыкпайт” дедим эле, сен баарын жеңип, лидерге айландың»,- деп тамашалап калчу. “Чындап эле мен чоң тобокелчилик менен иш баштагам, бирок эл кара нан жеп калганда эле көзүм жеткен, тиги чоң тегирмендер кыйратып иштешпегенине, ошондой эле болду. Албетте, мени көргөндөн кийин мага мамилеси түз жүргөн көптөгөн замандаштар бул тармакка кирди, азыр иштеп жатышат. Айрымдары ачык эле “биз «Акунду» талкалайбыз” деген ураан менен иштеди. Мен «бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүбүздү тилейли» деген ниетти бекем туттум. Кудайга шүгүр, кадырыбыз кемиген жок» деп Чыныбай Турсунбековдун эскерүүсүн кызы Айдай Турсунбекова Фейсбукка жазды.
Бөлүшүү: