Мен жалгызмын. “Үйлөндүм” деп калп айттым...
Мен жалгызмын. Жапжалгызмын. Сени күтүп, сени издеп жүргөм. Сага дагы бир жолу жолуксам ээ? Жолугууну Кудайдан тилеп жашап жүргөм. Сага капыстан жолукканда сөз таба албай алдастап калам да. Бирок “үйлөндүм” деп калп айта салганымчы?..
Жолуктурдум. Түш сымал, кээде сени көрчү түш сымал жолуктуң. Көрүндүң, ал-акыбал сурадың, турмушка чыкканыңды айттың да, жок болдуң. Жамгыр менен кошо көл-шал болуп бара жаттым. Баягыдай татына экенсиң, сулуу, бир ажайып жансың чынында... Сенин колуңду кармаган колумду жыттап, өпкүлөп, ыйлап, жамгыр менен талашып, эл аралап бара жаттым. Жамгыр көз жашымды, жандүйнөмдү жашырып жатканы менен мени сенден жууп жаткансыды. Сага болгон сүйүүмдү, арзуумду, махабатымды жууп, агызып жаткансыды... Бут алдымда жалбырактар тебеленет... А жамгыр төгүп жатты...
Тимур
"Азия Ньюс" гезити