Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Ысык-Көлдө сезон башталганда туристтер нааразылык билдириши мүмкүн”

Максатбек Сарбагышев, ЖК депутаты: “Ысык-Көлдө сезон башталганда туристтер нааразылык билдириши мүмкүн”

17-апрель, 09:00
867 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Максатбек мырза, жакында эле округдарга барып келбедиңиздерби. Шайлоочулар менен жолугушкан учурда бир топ көйгөйлөрүн айтышкандыр?

-- Ооба. Өзүңүздөргө белгилүү, Балыкчы–Корумду, Балыкчы–Баскоон жолу толук бүтө элек. Бүткөн жерлеринде тротуар жок. Кечээ светофорлор жөнүндө да сөз болду. Эртең эле туристтик сезон башталат. “Туристтер массалык түрдө келген мезгилде ыңгайсыздык түзүлүп, жол кырсыктары болбосун үчүн азыртан акча которуп, жолду сезон башталганга чейин бүтүрүп бергиле” деп суранып жатам. Сезон башталган учурда жолдо чоң тыгындар пайда болот. Чет элдик туристтер интернет аркылуу нааразылыктарын билдире башташы мүмкүн.

-- Ошондо жол канча пайыз бүткөн?

-- Узундугу 104 чакырымдык жолдун 80-90 пайызы бүткөн десек болот. Сары-Камыштан Тору-Айгырга чейин 19 чакырым жасала элек тилкеси калган. Андан тышкары, жол четиндеги жасала элек иштери бар. Кессеңир участогунда (Бостери менен Корумду айылынын ортосунда) тоонун жарымын алыш керек болчу, ага акча бөлүнө элек. Анан өзгөчө белгилей кетчү нерсе, жол четинде жөө адамдар басчу тротуарлар жокко эсе.

-- Сиз “транспорт министринин бир орун басары компетентсиз экен” деген пикириңизди айттыңыз. Андай тыянак чыгарууңузга эмне себеп болду?

-- Агрардык комитеттин көчмө жыйыны болуп, “Элдик” тобу кошо барганбыз. Анан элден бир топ суроолор түштү. Ошол эле суроолорду министрдин орун басарына узатсак, бирөөнө да жооп бере алган жок. “Аны тактап көрөйүн” дейт. Анда эмнеге барды? Мындай окуя ушуну менен экинчи жолу болуп жатат. Мурда Исфанага барганда да суроолорго жооп бере албай койгон. Ошон үчүн  мен транспорт боюнча комитеттин төрагасына ушул маселени кароо боюнча сунуш айттым. Менин оюмча, мындай кишилер иштеп жатканда иш алга жылбайт. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер