Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Талас облусуна 150дөй дарыгер жетишпейт”

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Талас облусуна 150дөй дарыгер жетишпейт”

16-май, 17:29
523 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Дастан Артисбекович, президент Садыр Жапаров медицина кызматкерлеринин айлыктары көбөйтүлөрүн айтты. Бул биздин ак халатчандарыбыз үчүн абдан жакшы жаңылык болду окшойт...

-- Бул эң туура. Бүгүнкү күндө эки тармактын кызматкерлеринин: мугалимдер менен медиктердин айлыгы эң маанилүү болуп турат. Бюджеттик булактарды карап, буларга жетиштүү айлык акы чектеп беришибиз керек. Ошондуктан Садыр Нургожоевич “медиктердин айлыгы көтөрүлөт” дегенде абдан сүйүндүм. Бул демилгени кош колдоп колдойм. Менин билишимче, Талас облусунда эле 150гө жакын дарыгерлер жетишпейт. Көпчүлүгү айлык маянасынын аздыгынан мамлекеттик ооруканаларды таштап, жеке менчик клиникаларга, же болбосо чет өлкөлөргө кетип калышууда. Биздин эң мыкты врачтарыбыз сырт жактарга чыгып кетип жатышат. Алардын билимин, тажырыйбасын өзүбүздүн элге колдонушубуз керек да. Азыр ар кандай оорулар көбөйүүдө, андай дарттарга каршы билимдүү, тажрыйбалуу врачтар гана күрөшө алышат. 

-- Айлыктарды көтөрүүдө инфляцияны сөзсүз эске алуу керек го?

-Азыр инфляция бүт дүйнөдө, анын ичинде бизде да бар. Ошонун негизинде да Садыр Нургожоевич ушундай демилгени көтөрүп атса керек. Эң керектүү эки тармактын айлыгын сөзсүз көтөрүү керек, мен колдойм. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер