Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замир Айылчиев: “Азык-түлүк, фармацевтика жаатында спекуляциялар жүрүүдө”

Замир Айылчиев: “Азык-түлүк, фармацевтика жаатында спекуляциялар жүрүүдө”

25-март, 14:32
818 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эксперт Замир Айылчиев учур кырдаалына жараша экономикалык көйгөйлөр боюнча кеп козгоп, пайдалуу кеңештери менен ой бөлүштү. 


-- Коронавирустун айынан жакынкы аралыктагы экономикалык абалыбыз, карапайым элдин, айрыкча күнүмдүк жумуш менен акча таап жүрүп үйдө отуруп калган калктын эртеңи кандай болот?

-- Кытайдан чыккан таажылуу вирустун натыйжасында дүйнөлүк экономикалык каатчылыктын карааны көрүнүп баштады. Албетте, бул нерсе түздөн-түз Кыргызстандын экономикасына чоң терс таасирин тийгизет. Азыркы тапта Кытай дүйнөлүк ИДПнын 17% үлүшүнө ээлик кылат. Таажылуу вируска туруштук берүүгө аракет кылган Кытай экономикалык жактан чоң рецессияга кабылды. Ушул нерсе сөзсүз түрдө Кыргызстандын экономикасына таасирин берет. Себеби, биздин өлкөнүн импортунун көлөмү 80%ды түзөт. Ал эми экспорт 20%га чукул. Мамлекеттин экономикалык жактан өнүгүүсүн экспорттун көлөмүнүн көптүгүнөн билсе болот. 

Тилекке каршы, бизде эмне болгон күндө да импорттун көлөмүнүн көптүгүнөн өлкөбүздүн өнүгүүсү солгундап келет. Биз ушул маселеден чыгуу үчүн Түштүк Кореянын мисалында инвестиция тартуу менен өндүрүштү жандандырышыбыз керек болчу. Өндүрүштү колго алмайынча, ушундай татаал кырдаалдарда  башкаларга көз каранды болуп кала бермекчибиз. Кыргызстандын жакынкы аралыктагы экономикасы таажылуу вирустан улам орточо эсеп менен бир жылга, ал эми дүйнөлүк экономика дээрлик эки жылга артка кетиши толук мүмкүн. Мени өзгөчө карапайым кыргыз элинин экономикалык социалдык жашоосу ойлондурат. 

-- Алардын арасында күнүмдүк тейлөө кызматында тыйын таап, үй-бүлөсүн багып келген, батирлеп жашаган адамдардын тагдыры кандай болот?

-- Албетте, мамлекет аларды көзөмөлгө алуусу керек. Коңшу Казакстандын мисалында карасак, 1,5 миллионго жакын жаранына чейин жөлөк пул менен камсыздап жатат. Ошондуктан биздин кыргыз мамлекети дагы жарандарына ушундай татаал учурда мамлекет катары коргой аларын көргөзүшү шарт. Мындан сырткары, “бюджетти толтуруп жаткан ишкерлердин келечектеги тагдыры кандай болот?” деген суроо пайда болот. Чакан ишкерчилик менен орто ишкерчилик чоң кризиске дуушар болушу толук мүмкүн. Буларга дагы кандайдыр бир деңгээлде өлкө тарабынан колдоо болуусу зарыл (!) деп эсептейм. Ал эми чоң ишкерчилик, албетте, бир аз солгундайт, бирок алар өз жолунда кете беришмекчи. Себеби, алардын аркасында топтоп койгон каражаты бар. 

Мындан сырткары, азыркы тапта Кыргызстанда азык-түлүк, фармацевтика жаатында ар кандай спекуляциялар жүрүп жатат. Ошону өкмөт белин бекем бууп туруп көзөмөлгө албаса, жөнөкөй эле жарандарга кыйын болот. Ошондуктан “болор иш болду, боёсу канды” дегендей, биз 2008-жылы болгон дүйнөлүк экономикалык каатчылыктан сабак алуу менен Кытай, Казакстан жана Орусияга көз каранды болбой, кыргыз өндүрүшүн чоң деңгээлде жандандырышыбыз керек эле. Бул нерсенин баары “бетке айткан сөздүн заары жок” дегендей эле, биздин өкмөт экономика менен алектенбей, саясат менен эле алектенип отуруп калганынан кабар берет. Эми биз бүгүнкү күндөн эртеңки күнгө чоң сабак алуу менен Түркиянын мисалында, өлкөдөгү продукциялардын баарын атамекендик кылмайынча мыкты ден соолук, күчтүү экономика боюнча сөз учугун улабай эле койсок болот.

Жамиля Нурманбетова

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер