Акыркы кабарлар
» Саясат » Өкмөт башчы Абылгазиев менен муфтий Токтомушев жооп бербейби?
Өкмөт башчы Абылгазиев менен муфтий Токтомушев жооп бербейби?
23-март, 00:09
742 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Февраль айында дүйнө жүзү коронавирустан жабыркап, өлүмдөр арбып атканы белгилүү эле. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан кичи ажылыкка жарандарын жибербей коюшканы маалымдалган. Тилекке каршы, кыргыз бийлиги кайдыгерлик, шалаакылык кылганына күбө болдук. Коронавирус курчуп атканда кичи ажылыкка барууга мекендештерибизге ураксат берип, натыйжада, ал жактан келгендерден илдет жайылды. Эки ортодон карапайым калк кыйналууда. Ар тараптуу кризис күч алды. Дарт дагы канча адамдарга тарай турганы азырынча белгисиз. Кыскасы, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, муфтий Максат ажы Токтомушев жана дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жоопкерчиликтери каралбайбы? Эгерде абал дагы курчуп кетсе, эл тарабынан сурак катуу болбойбу?..
Aryba.kg