Азамат Жаманкулов: “Асман” долбооруна инвесторлор келип, сүйлөшүүлөр жүргүзүлө баштады”
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри менен маек.
-- “Асман” долбоору көпчүлүктү кызыктырууда. Кандай иштер башталып жатат? Кайсы өлкөлөрдөн инвесторлор келүүдө?
-- Чынын айтсам, ал долбоорго толук кандуу кирише элекпиз. Президенибиз Садыр Нургожоевич белгилеп кеткендей, атайын дирекция түзүлдү. Ошол дирекция жерлерди аныктап, башкы планды түзүп чыгып, анан инвесторлорду тартат деп белгилеп айтып өттү. Бир топ өлкөлөрдөн инвесторлор акырындап келип, көрүп, кимиси кайсы объектти курары тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Акырындан иштер баштала баштады.
-- Мурда бүтпөй калган иштер уланабы? Китеп борборлору үчүн жакшы иштер башталды эле...
-- Мурда инфраструктуралык жаңылануу пландары бар болчу. Чатырлардын, спорт залдардын оңдолушу боюнча бүтпөгөн иштерди акырына чейин чыгалы деп алек болуп жатабыз. Кээ бир мыйзамдарга өзгөртүүлөр бар. Маданият, спорт тармагында жакынкы аралыкта кандай долбоорлордун үстүндө иштээрибизди аныктап алдык. Аткарылчу жакшы иштер алдыда. Азыр китепканалар менен маалыматтык борборлорду бир кылып, атайын борборлорду ачабыз. Ал жерде балдар келип китеп окушуп, чыгармачылык менен алектенишип, бизнести үйрөнсө болот. Ошол күчтөрдүн баарын бир жерге топтоп жатабыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити