Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Пандемияда каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузулду

Пандемияда каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузулду

19-октябрь, 17:35
1 235 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында пандемия учурунда кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлерине жана медициналык окуу жайлардын студенттерине арналган айкел ачылды. Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүлбакчада орнотулган.

Анын ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин, коронавирус менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгын белгиледи. Иш-чарага курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери катышып, эстеликке гүл коюшту. Маркумдарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болгон. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Вирус жалпы 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жуккан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер