Акыркы кабарлар
» Коом » Ала-Тоо аянтында “Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!” акциясы өтөт
Ала-Тоо аянтында “Биз тумчугуп баратабыз! Бизге таза аба керек!” акциясы өтөт
12-декабрь, 10:20


Ала-Тоо аянтында өтө турган акциянын катышуучулары бет кап тагынып чыкмай болуп жатышат.
Соңку апталарда Кыргызстанда дем алуу жана жүрөк-кан тамыр органдарынын оорусуна чалдыккандар көбөйгөнү байкалды.
Экологдор эки жылдан бери Кыргызстандын борборунда аба кескин булганганы тууралуу коңгуроо кагып келишет. Бирок кара түтүндү азайтуу боюнча чукул чара көрүлө элек.
27-ноябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги абанын сапатын текшерген «Airnow» жабдуусун орноткон. Андан алынган маалыматка ылайык, ноябрда Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын бири деп табылган.
Aryba.kg