Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айдоочунун аялы кайгылуу ит эненин тагдырын кайталады

Айдоочунун аялы кайгылуу ит эненин тагдырын кайталады

03-март, 00:41
1 778 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Катуу ылдамдыкта келе жаткан унаа “кыйк этип токтоду.

-- Эмне болду, адамдын жүрөгүн түшүрүп? - деди аял күйөөсүнө карап.

-- Жолумдан бир нерсе чыккандай болду...

Күйөөсү машинадан акырын түшүп, алды тарабына басты. Аялы да артынан ээрчип барды. Машинанын дөңгөлөктөрүнүн астында кичинекей күчүк онтоп жатыптыр. Бутун басып кеткен көрүнөт... Эркек “эмне кылдык эми?” дегенсип аялына карады.

-- Кудайга шүгүр, адам деп ойлоптурмун... - деп жакасына “түф-түф” деп койду күйөөсү. 

-- Жүрбөйсүзбү эми кеттик, кечигип жатабыз?.. 

Ошол учурда жолдун четинде чоң ит пайда болду. Салпактап аларды көздөй чуркады. Аял коркконунан унаанын эшигине жөлөнүп, күйөөсүн шаштырды. Бирок ит адамдарга кылчайып да карабай, күчүктү искеди. Анан ал муңдуу үн менен улуду.

-- Баласы окшойт... - башын тырмады эркек. Араң дем алып жаткан күчүккө колун тийгизди.

-- Гуля, кара, ал дагы деле тирүү! Балким, ушул айланада ветеринар...

-- Эй, мынча көңүлчөөк болбосоңБир итке ушунчалыкпы? Болчу, ата-энем күтүп калышты!

Боюнда бар аялын күттүрбөө үчүн эркек унаага мажбур отурду. Кетип баратып күзгүдөн артында калган кайгылуу эне ит жана жерде жаткан күчүктөн көзүн үзө албады.

-- Иши кылып аман калсын да...

Ошол окуя көпкө чейин эркектин эсинен чыкпады. Арадан беш ай өтүп, аялы уул төрөгөндөн кийин ал окуяны унутуп да калды. Бирок төрт жылдан кийин, кайгылуу окуя ошол күндү эске салды.

Көчөдө ойноп жаткан уулун унаа сүзүп кетиптир. Айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал өзү уулун “тез жардам ооруканасына жеткирген. Уулу оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түштү. 

-- Уулуң тирүү, бир гана буту... Майып болуп калышы мүмкүн.

Аялы айкайлап, өзү болсо башын кармап жерге отуруп калды. Башы айланып, көз алдына баягы онтоп жаткан күчүк келди.

-- Бактыга жараша... Ошол күчүк аман калган болсо керек, болбосо... – деп ыйлап аткан аялына шыбырады ал.

Аялы да кокусунан сергек тартып, өзүн күйөөсүнүн бутуна таштады... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер