Акыркы кабарлар
» Коом » Сүттүн кандай пайдалуу жана зыяндуу жактары бар?
Сүттүн кандай пайдалуу жана зыяндуу жактары бар?
10-октябрь, 19:02


Сүт – кальцийдин негизги булагы. Сүт айрыкча кош бойлуу аялдарга пайда алып келет. Анткени кош бойлуу аялдарда кальцийди колдонуу эки эсе көп керек болот. Бирок кальцийди сүттөн башка жашылча, жаңгак, боор жана куштун этинен алса болорун да унутпаңыз!
Анан калса кальций организмде башка пайдалуу заттар болбосо көптө сиңет. Анын эң жакын “досу” белок. Белок аз болсо анын организмде иштелип чыгышы кыйындайт. Ошондуктан быштак, сыр жана йогрутта кальций тез иштетилет.
Сүттү жаш балдарга бериш керек деп эсептешет. Бирок аны чоң адамдар колдонгон дагы абдан пайдалуу. Бул иммундук системаны бекемдеп, сөөктөрдүн борпоң болушунун алдын алат.