Токтогул сыйлыгы халтурага да берилеби?

![]()
Кайрадан бузулдум, иридим!
Кайнаган чагын көр жинимин!
Жаал менен тартсам да тептирге –
Жаркылдап күлүүдө тигиним...
Тептирге тең артка чоюлуп –
Тең келер бардык күч жоюлуп,
Өбөм деп өлүмдү сыр жебе,
Өпкүчө өпкө-боор оюлуп...
Ырдагы эротикалык мотивди баамчыл окурман жаза кетирбей эле байкайт. Ыр “Күлгөн жүз” деп аталып, лирикалык каармандын Коркуттун айтканына макул болбой керилип жаа тартып турган кербези менен башталат. Маселе анын жебени мээлегенинде деле эмес. Ошо жаа тартуу процессинде “өбөм деп өлүмдү сыр жебе” дегени “сенин оюң тикенде” деген элдик ырды эске салып, ырдын “тузу” лирикалык каармандын “тигинисинде” болуп жатпайбы:
Тулпардай жулкунду... аз калды...
Туралбай кармалып... башталды—
Кадап түз айдаттым... тепчиттим
Кабагын бүркөгөн асманды...–дегенде автордун “жебеси” тулпардай жулкунганын, карабайсызбы? Автор үч чекитти аябай көп колдонгон экен, сыягы кыялкеч окурман ар кандай элестете берсин деген окшойт. Эми мындай эстетикалык жагынан кунарсыз жалаң дене кумарын “эргип” сыпаттаган мотивдер Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин “Адамдар – чекиттердин жарымындай” (Б: “Улуу Тоолор”, 2023) китебинин негизги бөлүгүн түзөт. Мисалы, “Алаканың алаканымда” деген ырында “билектериң билектеримде”, “салааларың салааларымда”, “жалынычың жалынычымда” деп келип:
Эриндериң эриндеримде—
Эрир жериң эриир жеримде! - деп “бел суутуну” баса белгилеп, сыпаттаганы суу кошпогон натурализм эмей эмине? Аялзатынын жалаң дене мүчөлөрүн саноо менен акын дене кумарын экзальтациялоону арзуу лирикасы деп түшүнөт экен. “Каштарың-ай каштарың!”, “Кызыл-кызыл эриниң”, “эрдиңи чукуп-эсиңи чукуп”, “Сени-и сени мен, секин тартып белиңен”, “узун бойлуу жаркын-жан”, “эки төштүн ортосун, эр-мурутум челиген!” деген сыяктуу саптары муну тастыктап турат. Култегин адамдардын асыл махабатын, ышкы сезимдерин тайыз, бир беткей жазганы аз келгенсип, айбандарга кайрылса да көңүл борборунда эротика:
Ал өзүнчө осуят,
айбандарда жок уят—
тогузу кууйт бир уйду
Опурап да топурап!
Боозутчусу – бирөөсү,
Ботколоктойт сүрөөсү! - деген саптардан кийин, кеп айбанаттарда эмес, жаныбарлардын дүйнөсүнөн кооздукту, асылзаадалыкты көрө албай алардын “интимдик” турмушун натуралистик планда, примитивдүү сыпаттап жаткан акындын өзүндө, эстетикалык табитинин чукактыгында десек болот.
“Тажаалын кара, тажаалын” деген ыры “Сараңын кара сараңын” деп башталып, “тежигин кара”, “суздугун кара”, “көктүгүн кара” деп ошол эле ой вариацияланып кете берет да, “Алыптыр алтын башымды, абак үй кылып атайын” деп лирикалык каарман аялзатына болгон нааразылыгын билдирет. Ушинтип бир ойду эзмелеп, кайталай берүү “Жаз ишареттери”, “Жылмаюу”, “Көрүнгөнүң сенин бир билем”, “Сени ырдаймын какшанып”, “Сени мен...” деген ырларына да мунөздүү. Ал эми “Качып барам” деген ырында сүйгөнү менен ажырашып, андан көңүлү калган лирикалык каарман мурдагы көрөр көзүн “сур жыланга” салыштырганы көнүмүш, тапталган салыштыруу деңизчи, анан эле “ал мезгил – азыр мага концлагердей” деп, саясый өңүткө оодарып, жамандыр жакшыдыр бир кезде ашык болуп, сүйгөн аялзатын фашистке теңөөнүн өзү өтө эле орунсуз, жасалма. Ушундан улам акын дүйнөнү экиге бөлүп, ак, кара боёктор менен көрө турганы байкалат, жакшы көргөндө туфлиси да “касиеттүү” көрүнөт, көңүлү калганда сүйгөнү фашистке айланганы бир жактуу, схемалуу ой жүгүртүүдөн кабар берип, миң кырдуу сүйүү дүйнөсүнүн табиятына кире албаганын, маңызын түшүнбөгөнүн айгинелеп турат.
К.Култегиндин ырларынын эң негизги кемчилиги – ал сүрөттөп жаткан предметтин ичине кире албайт, сыртынан сыпаттайт, көзүнө көрүнгөндү санайт. Сүйүү темасына көп эле ыр жазган, бирок бул ыйык сезимдин кереметин ачып берген жандуу бир образ жарата алган эмес. Аялзатынын асыл наркы, руханий дүйнөсү, көз карашы, мүнөзү көрүнбөйт. Акындын ырлары окурмандын сезимин козгоп, ойго сала турган образдарга чукак. Айталы, “Такасы туфлиңиздин бийик эле” деген ырында өзүнөн улуу аялзатына көзү түшкөн жигиттин арзуусу баяндалат. Ырда жигит ашык болгон кермекаш жок, анын туфлиси негизги предметке айланат.
Чекчейип кош туфлиңиз жарык, чыйрак,
Чечилген жерден көрдүм... таанып... сыйлап... - деп бут кийимди ырдап келатып эле:
Чыңк ылдый лыжа тепчү чөлкөм экен
Чилдеде – кышындасы барып жыргап! - деп башка темага өтүп, оттоп кеткенин кандай кабыл алабыз, ыр:
Кылымдын жаңылыгы – чымчый кармап,
Кийгенге туфлиңизди түздөп койдум, - деп аяктайт. Туфлисин түздөп койгонуна деле мейли дейли, ал эми “кылымдын жаңылыгы” дегени кайдан чыкты, эмне болгон жаңылык? Ушундай эле жасалмалуулук “Шарф” деген ырынан да ачык байкалат.
Китепте оңунан чыкпаган арзуу ырларынан башка “Таажы вирус заманында мекенди сагынуу”, “Беткапчан дүйнө”, Таажы вирус ташпиши”, “Түркиядагы зилзала”, “Ажо Ата же ата-энелер жыйыны” деген сыяктуу алааматтуу окуяга байланышкан ырлар, арноо ырлары, “Денгене”, “Көкмелтейлер көкбөрүнү тартканда”, “Көөдөн менен калкалап...”, “Маматжан полковник жана Аширали жинди” деген сыяктуу Кыргызстандагы коомдук-саясый турмушту сыпаттаган публицистикалык ырлары бар. “Күнөөлөдүк, арыздандык, актандык” деген ырында лирикалык каарман:
Айрыма не – артта калган өлкөдө
Абактарда ичи тургай, сырт – абак... -деп нааразы болгону, түрмө менен элдин жай турмушун, кылмышкерлер менен элди теңегени автордун жакшы менен жаманды ажырата албаган сезим өлчөмүнө чукактыгын көрсөтүп, камак менен эркиндиктин баасын билбеген акыл таразасынын таасындыгынан күмөн санатат. “Биздин үйлөр” деген ырында үйлөрдү турсийге, майкеге, ыштанга салыштырганы да акындын көркөм табити калыптанбаганын, дүйнөнү образдуу кабылдоо жагынан көк канат бойдон калганын, поэтикалык ойду берүүнүн чабалдыгын кашкайта көрсөтүп турат. Китепте эпигончулук да бар. Мисалы, “Кар атышмай уланып...” деген ырындагы: Ишке келип алгансып, Түшкө келип аласың, - деген саптар А.Обоскановдун “Башка жер таппай калгансып, башыма келип уктайсың, - деген саптарын кайталап турат. Же болбосо, “Акын иним Зайырбек Ажыматовго реквием” деген ырындагы “кантип, кантип көмүп таштайт жайга аны” деген саптар Ысмайыл Борончиевдин “Комузчу Атай өлгөндө кол барбай турду көмгөнгө” деген жүрөк сыздаткан саптардын саркындысындай эле кабыл алынат.
Автордун “Шөлбүр кыз” поэмасы жетпей калган сүйүү баяны десек болот. Жогорудагы махабат ырларындай эле мында да каармандардын аракеттери, окуялар ишенимдүү мотивировкаланбай, жасалма болгондуктан, жандуу образ түзүлбөй калган. Поэма жанрынын табиятын, өзгөчөлүктөрүн автор өздөштүрө алган эмес, мунун баардыгы инфантилизмдин жемиши, ошондуктан чыгарма сын көтөрө албай тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Жыйынтыктап айтканда, К.Култегиндин бул ырлар жыйнагы азыркы кыргыз поэзиясындагы ортозаар агымдын катарын толуктаган китеп болгон.
Адабиятка жаңылык алып келген таланттуу чыгармаларга бериле турган Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлык эгер Кожогелди Култегиндин “Адамдар – чекиттердин жарымындай” (Б: “Улуу Тоолор”, 2023) китебине ыйгарылса, ал чечим халтураны жогору баалоо дегенди билдирет.
Аскар Медетов, филология илимдеринин кандидаты











