» Саясат » Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев оппозициячыл депутаттарды кагып-силкип, көзгө копол көрүнүүдө
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев оппозициячыл депутаттарды кагып-силкип, көзгө копол көрүнүүдө
06-октябрь, 17:53
632 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Калк баарына тараза. Карап турат. Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев соңку убактарда оппозициячыл депутаттарды кагып-силкип, урушкандай түр жаратып, кыйынсынып жатканы байкалат. Мындай аракети менен төбөлдөргө жагынайын дегениби? Алар асманда көкөлөп турушат да. Кошомат кылгандарды милдеттүү кесибин аткарып аткандай кабылдашабы? Кичине арыдан бери болуп, төраганын орун басары калыс, адилеттүү позицияны карманса упай алмак. А болбосо көп жагымпоздун бири катары жасалма мүнөз күтүп, аброю кетет эмеспи. Нурбек мырзага күмүш сырга! Бийлик келет, кетет. Ал эми кадыр-баркты кармап калуу, чыныгы адамдык вазыйпасы түбөлүк айтылмакчы.