Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чолпон Жанадыл: “Биздин максатыбыз – адамдарды китеп окууга шыктандыруу”

Чолпон Жанадыл: “Биздин максатыбыз – адамдарды китеп окууга шыктандыруу”

27-февраль, 22:30
883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чолпон, алгач окурмандарга өзүң тууралуу тааныштыра кетсең?

-- Мен Чолпон Жанадыл медиа продюсер жана китеп сүйүүчүмүн. Өзүм 10 жылдан бери кино, медиа, билим берүү тармактарында эмгектенип келем.  Пандемия башталгандан бери байкем Тынчтык Жанадыл «карантинде жөн отурбай, китеп окуп, анан аны талкуу кылалы» деген идеясы менен Фейсбуктан “Kitep+онлайн китеп клубу” деп баракча ачып, дүйнөлүк бестселлер, классикага айланган китептерди кыргыз тилинде талкуулайбыз. 

-- Соцтармактарда сонун китептерди талкуулап жүрөсүңөр. Абдан жакты. Талкууга алуучу китепти кандай өзгөчөлүк менен тандайсыңар?

-- Башында өзүбүз окуган китептерден баштаганбыз. Талкууга да китепти окуп, ой-пикирин айта турган биздин замандаштарыбызды чакырып, сүйлөшөбүз. Анан бизге спикер болгон конокторубуз өздөрү мыкты, коомдогу маселелерге туташ болгон китептерди сунуш кылышат. 

-- Кыргыз окурмандарына анча жете элек Эрих Мария Ремарк тууралуу талкуу абдан жакты. Окурмандарга жеткиргиңер келген кандай максаттар бар?

-- Рахмат! Биздин негизги максат – китеп окууга сүйүүнү арттыруу. Өлкөбүздүн жаштары көп китеп окуп, дүйнө таанымын кеңейтсе деген ой. 

-- Бүгүнкү окурмандардын табити кандай?

-- Жаш курагына жараша ар кандай. Мисалы, биз курактуулар көбүнчө өзүн-өзү өстүрүү, психологиялык, бизнес китептерди көп окушат. Ал эми өспүрүмдөр роман, заманбап проза, детектив, окуялуу (приключенческий) адабияттарды окушат. 

-- Деги эле окурмандарга кандай китептерди сунуштагың келет?

-- Биринчи ирет адабий көркөм чыгармаларды сунуштамакмын (художественная литература), ал фантазиянын, аң-сезимдин өсүүсүнө чоң жардам берет. Андан кийин биографиялык, психологиялык китептерди. Бул китептер сапаттуу, кызыктуу жашоого шыктандырат. Азыр Мишель Обаманын “Becoming. Менин окуям” аттуу китебин окуп жатам. Президенттин жанында кандай айым болгону жөнүндө силер да окуп, мыкты айым лидер болгонго шыктандырат деп ойлойм.

-- Өзүң кызыгып окуган китептер кайсылар?

-- Мен эң жакшы көргөн китептердин бири Грегори Дэвид Робертстин “Шантарам” аттуу романы, Элизабет Гилберттин “Город женщин” романы, Айн Рэнд “Атлант расправил плечи”, “Источник” сыяктуу китептерди чоң кызыгуу менен окудум жана окурмандарга да сунуштамакмын.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер