Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үч аптада Кыргызстанда ковидден 58 адам көз жумду

Үч аптада Кыргызстанда ковидден 58 адам көз жумду

22-октябрь, 13:05
841 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Пневмонияны козгогон коронавирус күчөгөн соңку үч аптада (28-сентябрь 22-октябрь) Кыргызстанда 58 адам жашоо менен кош айтышты.

Өлкөдө коронавирус жай айларында күчөп, өлгөндөрдүн саны миңден ашкан. Августтун ортосунда оору жуккандардын саны суюлуп, сентябрь айында үч апта расмий эсепте киши өлүмү болгон эмес.

Октябрдан тарта вирус жугузгандар кайра көбөйүп, күнүнө үч-беш бейтаптын жаны үзүлгөн учурлар расмий катталууда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 22-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы суткада 547 адамдан вирус жаңы аныкталды. Ооруп жаткандардын төртөө жашоо менен кош айтышып, 282си айыкты.

Кыргызстанда марттан бери вирус жугузуп алгандардын расмий эсеби 54006 адамды түзүп, 46 726сы сакайды. Көз жумгандар 1122ге жетти.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер