Аялды аздектеп, энергиясын сүлүк курттай сорсоң болот...
Сүйлөшө бил...
Сүйүктүүң менен сүйлөшө бил.
Карым-катнашты үзө турган эң биринчи белги сүйлөшкүң келбөө, үрөйүңдү, коркунучуңду айтпоо, өзүңдүн кыйынчылыгың менен бөлүшпөө, максат, кыялдарыңды бекитип сактоо…
Аялга сүйлөшүү абадай кажет. Ага сенин добушуңду угуу, добушуң, добуш ыргагың, эпкиниң аркылуу сени сезүү маңыздуу. Жанына керек сөздөрдү угуу маанилүү, андан баш тартпа. Таш жүрөк болбо. Үндөбөй кутулууну адат кылба. Анын өмүрүндө не болуп жатканын сура. Бүгүн не кылганы, көңүлү кандай экенин бил. Баары менен бөлүш. Ага адил бол, адал бол. Ойнобо. Оюнчук кылба. Убада берсең -- сөзүңдө тур. Баш тартпа. Жеңилбе. Убадаңа тура албасаң, чыдамсыздык таанытып, кегиңди андан алба. Сен аны менен сүйлөш. Аялдын баары кичинекей кыз сыяктуу. Ал күтөт, үмүттөнөт, тилейт. Чамаң келгенче жылуу сөзүңдү айт.
Аялга өзүн мактаган, жактаган сөздөр жагат. Жылына бир ирет эмес. Дайым айтып жүр. Эгер сенден жүз бешинчи ирет «мени сүйөсүңбү?» деп сураса да ачууланба, жүз бешинчи ирет «ооба» дегенден талыкпа. Кайда жүрсөң да, үйдө да, түздө да, ызы-чуулуу ортодо да ага мактоо сөз айтып отур. Анын назиктигин, сүйкүмдүүлүгүн эскертип жүр. Сүйүктүүң менен сүйлөшүп жүр. Макта, колдо, ыраазы бол. Ар качан, ар дайым, өмүр бою…
Кыскасы, аялды аздектеп, анын энергиясын сүлүк курттай сорсоң болот...