Акыркы кабарлар
» Экономика » “Жеке ишкерлерди коргой албасак, сырттан бир да инвестор келбейт”
“Жеке ишкерлерди коргой албасак, сырттан бир да инвестор келбейт”
24-апрель, 21:54
2 515 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- Кыргызстанга инвестиция келбесе, өз алдынча өнүгө албасак, билимдүүлөр чет өлкөлөргө кетип жатышса, деги келечегибиз кандай болот?
Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:
-- Инвестиция болбосо, биз өндүрүштү өзүбүз өнүктүрүшүбүз керек. Завод-фабрикаларды кура албасак да, өтө чакандарынан баштасак болот. Ага Кудайга шүгүр, акчабыз жетет. Кайсы гана мамлекетти албайлы, өзүнүн өндүрүшү болбосо экономикасы өнүкпөйт. Алсак, Америка курулушу, компьютердик жана автомашина чыгаруу жагы боюнча дүйнөдө 1-орунда келатат. Япония мамлекети электротехника жана автомашинанын түрлөрүн чыгаруу менен экономикасы бай өлкөлөрдүн сап башында турат. Кытай мамлекетин алалы, буларда баары бар. Эң ири завод-фабрикадан баштап, чакан, жеке менчик ишканаларга жол ачып, учурда бүткүл дүйнөнү багып, камсыз кылып атат. Бу жагынан экономикасы алдыга чыкты. Индия, Пакистан өлкөлөрү кездемелерди жана чайдын түрлөрү менен жер шарын багышууда. А биз эмнебиз менен сыймыктансак болот? Жер алдында рудный жана жер үстүндө рудный эмес тоо кендери менен. Ушул жагын ойлоштуруп аткан бир да өндүрүшчүнү көрбөй турам. Буга мамлекетибиз да көңүл бурбай келет. Биз салык чогултуу менен экономиканы көтөрө албайбыз. Эң ириде өндүрүштү (толтура түрү бар) туура жолго, багытка койгондо гана келечегибизге кенен жол ачабыз.
Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:
-- Мамлектибиз криминал, коррупция менен күрөшүү жана өлкө ичине тартип орнотуу аракети менен инвестиция климатын, чөйрөнү чочутту. Ички жеке ишкерлерди качырып алуу коркунучу негиздүү болуп атат. Тилекке каршы, ушундай тенденция бар, жок эмес. Тыштан инвестиция келмек тургай, ички инвесторлорубуз көптөрү иштерин токтотуп, жакынкы Өзбекстанга, Казакстанга, Түркияга чыгып жатканы көбүнө маалым. Бул жагын ачык айтыш керек, бийлик көңүл буруп, ушу маселени оң жагына чечүүсү зарыл. Себеби, экономикасыз бир да мамлекет бутуна тура албайт. Эң ириде биздин өзүбүздүн инвесторлорду, жеке ишкерлерди коргой албасак, сырттан бир да инвестор келбейт. Бул боюнча президент баш болуп атайын мыйзамдарды киргизип, аларга кепилдик бере турган жоболорду иштеп чыкса дейт элем. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтып аткан сандар жөн гана сандар, а реалдуу экономика, келечек такыр башка!
Валимжан Таңырыков, коомдук ишмер:
-- Мамлекет өзүнүн экономикалык абалын алдыга жылдыруу максатта чет жактан белгилүү компания же ишенимдүү инвесторлорду тартат. Аларга тийешелүү шарт түзөт. Инвесторлор башка өлкөгө бир гана максатта, тактап айтканда, кошумча акча табыш үчүн келери белгилүү. Келген инвестор чоң акчаны тартуу, коротуу менен бирге заманбап технологияны да алып келет, муну да эске алып койсок. Аны менен бирге жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууну, аларга ынанымдуу айлык акыны чегерип, социалдык жагын колго алуу аракети менен өзгөчөлөнөт. Инвестор тапкан кирешесине эч бир тоскоолдуксуз ээлик кылып, аны алып кетүү жагы мамлекет тарабынан толук кандуу кепилденүүсү, атайын мыйзамдар менен корголуусу абзел. Ансыз эч ким келбейт. Биз чакан, жаңыдан өнүгүү жолуна багыт алган мамлекет болуп атабыз да. Андыктан дипломаттарыбыз инвестиция тартууда биздин жердин өзгөчөлүктөрүн айтып, даңазалап, кызыктырып, “жумуш күчү, энергия арзан, жакшылап иштесеңер көп киреше табасыңар, тапкан пайдаңарга өзүңөр гана ээлик кыласыңар!” деген сыяктуу иштерди аткарыш керек.
Ооба, биздин ишке ийкемдүү, билимдери терең жаштар сырт жакка агылып жатканы жүрөктү өйүтөт. Бирөөсү Америкага, дагы бирөөсү Европага, болбоду дегенде Россияга кетип атышат. Жок дегенде ошолорду өзүбүздүн өлкөдө шарт түзүп, кармап калып, күчтөрүн, билимдерин колдонсок кандай сонун болот эле!
Бөлүшүү:

Сурат Жылкычиев,
"Азия Ньюс" гезити
"Азия Ньюс" гезити