Жанар Акаев, ЖК депутаты: “5-10 жылда партиялык системага кайтып келебиз”

-- Жанар мырза, Жогорку Кеңешке шайлоо системасы өзгөргөнү жатпайбы. Сиздин оюңузча, анын кандай плюстары жана минустары бар?
-- Мурда аралаш шайлоо системасы болуп, депутаттардын 36сы бир мандаттуу округдан, 54ү партиялык тизме менен келчү. Азыр бир топ депутаттарыбыз “калкынын саны көп райондордон өкүл азыраак келип калат экен” деген ой менен жаңы системаны, отуз округдан үчтөн депутат келишин сунуштап жатышат. Үч депутаттын бирөөсү аялзатынын өкүлдөрү болот. Менин оюмча, бул жерде айрым кемчиликтер жаралышы мүмкүн. Бирок, биз карап көрдүк, мындай тажрыйба дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар экен. Фракция лидерлери алып чыгышты, аткаруу бийлиги да каршы эмес. Бул системаны да бир көрөлү.
-- “Жаңы мыйзам ишке кирсе партиялык системаны жоготуп алышыбыз мүмкүн” деген кооптонуулар айтылууда. Буга эмне дейсиз?
-- Партиялардын ролу абдан төмөндөйт, алар болгону талапкерлерин көрсөтө алышат. Менин жеке оюмда, бул система ашып кетсе 5-10 жыл жашашы мүмкүн. Кошуна Казакстан, Өзбекстан деле “көрсө, ушул эле туура экен” деп партиялык шайлоолорго ыктап атышпайбы. Партиялык системага кайтып келебиз го деген ойдомун. Анткени, саясый программалар сунушталып, амбициялуу тилектештер чогулат да. Бул жакта болсо ар ким өзүнүн районунун гана маселесин көтөрүп, “жол салыш керек, көпүрө куралы” деген сыяктуу социалдык маселелер менен гана чектелип калуу коркунучу бар.
"Азия Ньюс" гезити