» Саясат » Текебаевден таалим алган, Байсалов таптаган Тагаевдин карьералык секириги
Текебаевден таалим алган, Байсалов таптаган Тагаевдин карьералык секириги
20-февраль, 21:42
308 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарына Марат Тагаевдин дайындалышы белгилүү бир коомчулукка жылуу кабылданды. Журналистикадан өсүп чыккан жаш жигит. Убагында Өмүрбек Текебаевден таалим алып, анын телеканалында иштеп, тажрыйба топтогон. Ошого катар Эдил Байсалов менен ага-инилик мамиле күтүп, саясатка аралашканы маалым. Мындайча айтканда, Эдил мырза Марат Тагаевди таптап жүрүп, министрдин орун басарлыгына чейин көтөрдү. Эми жөндөмдүү адис катары татыктуу иштесе, дагы далай белдерди ашары талашсыз. Эң башкысы, “түсү ийгиден түңүлбө” дейт эмеспи. Марат Тагаев билимин тереңдетип, тажрыйба топтосо, келечекте бараандуу ишмерге айланары шексиз.