Аликбек Жекшенкулов, профессор: “Кыргыз дипломатиясынын деңгээли жогоруласа, өлкөбүздүн аброю көтөрүлөт”

-- Аликбек Жекшенкулович, сиз өлкөбүздүн азыркы тышкы саясатына кандай баа бересиз?
-- Эл аралык мамилелер, анын алкагында экинчи дүйнөлүк согуштан кийин белгиленген эрежелер тездик менен деградацияланып баратканын азыр баары түшүнүп турушат. Дээрлик тартип өзгөрүп, биз ылдамдыкта көп уюлдуу дүйнөнү орнотууга карай баратабыз. Бир мамлекеттин гегемониясынын ордуна жаңы принциптер келүүдө, башкача айтканда, прагматизмге жана өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарына негизделген мамилелердин сапаттык жаңы системасы курулууда. Кыргызстандын тышкы саясаты учурда дүйнөлүк тенденцияларга шайкеш келет, ал тең салмактуулук негизинде калыптанып, кыргыз элинин кызыкчылыгына жооп берет. Биз улуттук кызыкчылыктарыбызды кабыл алган баардык өлкөлөр менен тең укуктуу, өз ара пайдалуу кызматташууга даярбыз, мамилеге да ачыкпыз.
Акыркы 2-3 жылды талдай турган болсок, анда президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында туруктуу, ачык, түшүнүктүү тышкы саясат жүргүзүлдү. Эл аралык аренада Бишкек өзүнө алган баардык милдеттенмелерин, келишимдерин жигердүү аткарып, жоопкерчиликтүү өнөктөш, союздашы катары иш алып барууда. Ошол эле учурда Кыргызстан кандайдыр бир тышкы оюнчулардын геосаясый кызыкчылыктарын канааттандыруу үчүн өзүбүздү моюн сундурууга жол бербей турганыбыз ачык байкалды.
-- Дүйнөлүк ири уюмдарга, таасирдүү державаларга байланыштуу мамилелерге да токтоло өтсөңүз?
-- Биздин өлкө эки жактуу, ошого катар көп тараптуу форматтагы эл аралык мамилелердин активдүү катышуучусу болуп саналат. Мамлекеттик коопсуздукту, аскердик кызматташтыкты камсыз кылуу жагынан биз ЖККУ жана ШКУ алкагында кызматташууну күчөтүүнү улантып жатабыз. ЕАЭБ өлкөлөрү менен экономикалык интеграцияны өнүктүрүп, БРИКС аркылуу экономикалык кызматташууга умтулуудабыз, биздин негизги өнөктөштөрүбүз болуп Россия, Кытай, Түркия, Индия, Түштүк Корея, Араб жана айрым Европа мамлекеттери саналат. Биз БУУнун баардык түзүмдөрүндө динамикалуу иштейбиз. Тышкы саясатыбыздын приоритеттери – бул биздин эң жакын өлкөлөрүбүз, тарыхый өнөктөштөрүбүз менен достукта, ар тараптуу интеграцияда кызматташуу – биздин гүлдөп-өнүгүүбүзгө, узак мөөнөттүү туруктуулуктун ачкычын табууга өбөлгө болуп саналат. Бирок, ошол эле учурда, биз эч кимден оолактабайбыз, эгерде элибизге пайда алып келсе, улуттук кызыкчылыкка жооп берсе, баардыгы менен байланыштарды өнүктүрүүгө даярбыз. Энергетика, өнөр жай өндүрүшүн, транспорттук инфраструктураны, логистиканы, туризмди жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бизге кызыкдар өлкөлөрдүн бизнеси үчүн пайдалуу боло турган көптөгөн келечектүү долбоорлор бар. Бишкек ар түрдүү байланыштар үчүн ачык, натыйжада, оң жыйынтыктарды берери талашсыз.
-- Ошондо тышкы саясатыбыздын баасы өстүбү?
-- “Эки отургучка отурууга аракет кылуу” практикасы токтогону абдан маанилүү. Мамлекет башчысы, биздин дипломатиялык кызмат тышкы саясаттагы артыкчылыктар коньюнктурага жараша, же бөтөн оюнчулардын кысымы астында өзгөрбөй турганын ачык билдиришти. Менин оюмча, бул урматтоого татыктуу жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн билдирген, эл аралык аренада өлкөбүздүн аброюн көтөргөн абдан так позиция. Буга президентибиз Садыр Жапаров баш болуп, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн мүчөлөрү катышкан көптөгөн чет элдик сапарлар, саммиттер далил. Бир нече жылдын ичинде чет өлкөлөргө ондогон карым-катыштар жасалып, дүйнөлүк лидерлер менен жогорку баскычта жолугушуулар өттү. Бишкекке чет мамлекеттердин башчылары көп келишет. Ошентип, кыргыз дипломатиясынын деңгээли жогоруласа, өлкөбүздүн аброю көтөрүлөт эмеспи.
-- Кандай дейсиз, биз үчүн чет өлкөлүк байланыштардын кандай форматы ыңгайлуу?
-- Акыркы убакта《ЦА5+...》форматы жигердүү өнүгүүдө. Бул Батыш өлкөлөрү менен да, салттуу, эң жакын өнөктөштөргө карата да байланыш жүргүзүүнүн жумушчу формуласы. Өзбекстан, Тажикстан менен чек ара маселелерин чечүүдө биздин дипломатиянын чоң жеңишин белгилеп кетүүбүз керек. Пикир келишпестиктерди жеңип, дээрлик талаштуу аймактарды өз ара макулдашып, Борбор Азия өлкөлөрү туруктуу, келечектүү аймакка айланууда. Интеграция процесстери күч алууда, андыктан,《ЦА5+...》форматтары суроо-талапка ээ, түпкүлүгүндө жакшы натыйжаларды берет.
БУУнун Башкы ассамблеясынын 2024-жылдын күзүндө өткөн сессиясында Кыргызстан тарабынан чоң иштер жасалды. Президентибиз климаттын өзгөрүшү, тынчтыкты сактоо жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча абдан кызыктуу, мазмундуу сөз сүйлөдү. Бишкек биздин өлкөбүздөгү тоо саммитин өткөрүү демилгесин көтөрдү. Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары да арыз берди. Башкача айтканда, биздин дипломатия жанданды, президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында акыркы бир нече жылда эл аралык аренада өлкөнүн кызыкчылыгын илгерилетүүгө чоң кадам жасалганын ынанымдуу айтсак болот.
"Азия Ньюс" гезити