Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балдардын жайкы эс алуусуна көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду

Балдардын жайкы эс алуусуна көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлду

08-июнь, 18:54
339 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жайкы каникул башталганына байланыштуу балдардын эс алуусуна, алардын коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүү талабы бүгүн 8-июнда парламентте айтылды.

“Балдардын жайкы эс алуу маалында ушундай кырсыктар кайталанбашы үчүн бардык эс алуу жайларын тегиз көзөмөлгө алып, көзөмөлдү күчөтүш керек (менчигинин түрүнө карабастан). Мындай кырсык болбойт деп эч ким кепил боло албайт” деди депутат Нурланбек Шакиев.

Депутат Камила Талиева окуучунун өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу мектептин жетекчилиги жоопкерчиликтен качып жатканын айтты жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурууга чакырды.

Эске салсак, 6-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында №95 мектептин үчүнчү классынын окуучусу каза болгон. Баланын апасы ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барганын, аквапарктын кызматкерлери жана эки ата-эне көзөмөлдөп турат деп убада кылынганын, “тез жардам” кырсык болгон жерге дароо барбаганын айтууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер